12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришти.
“Бүгүн чоң иш болду. Биз 120 чакырымдан ашуун илгериледик. Бул маселелер принципиалдуу түрдө макулдашылды. Эгер Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жалпы узундугун ала турган болсок, мамлекеттик чек аранын 90% ашыгы такталды, биз ал маселелерди чечүүгө жакындап калдык”,-деди Ятимов.
Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев чек аранын жалпы узундугу боюнча такталбаган аз бөлүгү калганын кошумчалады. Ал жакын арада бул маселе чечилерине үмүт артарын билдирди.
"Негизинен чек аранын 90% ашыгы макулдашылды. Макулдашылган ал тилкелер жакын арада баяндалып жазылат. Бизде бир нече тилке калат, кудай буюрса аны да аяктайбыз. Ал кайсы тилкелер? Бул Кайрагачтан баштап, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейин... Биз, жумушчу топ макулдашууну толук аяктадык. Мындан тышкары биз Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин макулдаштык. Муну менен биз азыр талаштуу бардык маселелерди дээрлик чечтик. Чек ара маселесине акыркы чекитти коюу үчүн бир нече жолугушуу калды", - деди Ташиев.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев эки тараптын сүйлөшүүлөрү 14-декабрга чейин уланарын “Азаттыкка” кабарлады.
“Сегизинде келгенбиз, он төртүнө чейин сүйлөшүү уланат. Азыр сүйлөшүүлөр уланып жатат. 14-декабрда жыйынтыгы бүткөндө толук маалымат беребиз”, - деди Бөрүбаев.
Бир күн мурун, 11-декабрда кыргыз президенти Садыр Жапаров Баткендеги иш сапарындагы эл менен жолугушуусунда Тажикстан менен чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айткан.
“Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилип, Орто Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз го деп ойлоп жатам”, - деди Садыр Жапаров.
2022-жылы ноябрь айында Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо ишин жаңы жылга чейин бүтүрүү ниетин билдирген. Жапаров айткан мөөнөттө маселе чечилбегени менен, жыл ичинде эки өлкөнүн чек ара боюнча делегациялары байма-бай жолугушту.
Айрыкча соңку жолугушууларда эки өлкөнүн Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жетекчилери, атайын кызматтын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов “чек ара боюнча маанилүү протокол, соңку чечимге жакындадык” дегендей билдирүү таратышууда.
Декабрдын башындагы жолугушууда Ташиев принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын айткан.
“Биз жаңы кабыл алган чечимдер биздин мамлекеттердин чек арасы боюнча негизги маселелердин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Кийинки жолугушуу Баткенде өтөт. Ал жакта да чечимдер кабыл алынат, жумушчу топторубуз тынымсыз иштешет. Ошондуктан мен жалпы чечимге жакындадык деп ойлойм”, – деди Ташиев.
Ал эми Ятимов болсо Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айтып өткөн. Бирок кандай болуп чечилгени азырынча белгисиз.
Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев президенттин 11-декабрдагы жолугушуусунда жол боюнча маалымат берилбегенин билдирди.
"Айылдыктар толук көчүп келдик, Президент Ак-Сайда чек ара маселесине токтолду окшойт, чек ара боюнча айткан жок. Чек ара, анан Капчыгай аркылуу өтөт делген Ворухка жол боюнча эч кандай сөз болбоду", - деди Жолчуев.
Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн тынбай жолугушуусунан улам, чек ара маселесине чекит коюу убагы жакындады деген пикирде.
“Менин угушумча, талаш жерлерде картографтардын барып жүргөнү - бул иштин жылышынын белгиси. Чек ара - өтө аярлуу, кылдат карала турган иш. Андыктан эки комиссия иштеп жатат. Чечилбеген ишти элге жарыялап, дүрбөлөң кылып кереги жок. Буга чейин чек араны билбегендер деле баа берип чыгышты. Мында эки мамлекеттин тең кызыкчылыгы каралат. Эң негизгиси, сүйлөшүү жүрүп жатканы жакшы”.
Дыйканбаев жергиликтүү эл да чек аранын толук чечилишин күтүп жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чек араны тактоодо татаал аймактар калганын белгилеп, жакын арада чечилишинен күмөн санайт. Депутат элде ар кандай бүдөмүк ойлор жаралбашы үчүн коомчулукка маалымат берилип турушу керек дейт.
“Кандай жылыш болуп жатканын билбейбиз. Кандай чечим кабыл алынып, кандай протоколдорго кол коюлду, белгисиз. Татаал аймактар калды, кандай чечишет, билбейм. Татаал болгондуктан айтпай жатышат окшойт. Ушундай нерселер ачык болушу керек деп эсептейм”, - деди депутат.
Ноябрь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин жакынкы аралыкта чечерине ишенерин билдирген. Анда Тасмагамбетов чек араны тактоодо эки өлкө дипломатиялык жолду тандаганын белгилеген.
“Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселесин саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү кааларын билдиришти. Эки тараптан өкмөттүк комиссиялар түзүлүп, талаштуу тилкелер боюнча маселени улам жолугушуу жолу менен чечип жатышат. Менин оюмча, жакынкы убакытта биз бул маселенин жакшы жакка жылганына күбө болобуз", - деди Тасмагамбетов.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. 2020-жылы анын 519 чакырымы такталганы расмий кабарланган. “Азаттык” буга чейин кыргыз тарап жарыялаган маалыматтардын негизинде былтыр апрелден бери кеминде 110 чакырым ашык макулдашылганын эсептеген. Ошондо дагы болжол менен 150-200 чакырымдай тактала элек тилке бар десек болот. Чек аранын такталбаганынан эки тарапта бир нече жолу куралдуу кагылыш болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү бул үчүн бири-бирин айыптаган.