Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:24

Пакистандагы жардыруудан 22 полиция кызматкери набыт болду


Жанкечти полиция кеңсесинин жанында уюштурган жардыруунун кесепети. Пакистан, Хайбер-Пахтунхва провинциясы. 12-декабрь, 2023-жыл.
Жанкечти полиция кеңсесинин жанында уюштурган жардыруунун кесепети. Пакистан, Хайбер-Пахтунхва провинциясы. 12-декабрь, 2023-жыл.

Пакистандын түндүк-батышындагы полиция бекетинин жанында жанкечти уюштурган жардыруудан коопсуздук кызматынын 22 өкүлү набыт болуп, отуздан ашыгы жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Окуя Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Дера Исмаил Хан районунда болгон.

Полиция башчысы Дарабанда Зишан Икбал “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, кол салгандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон. Чабуул койгондордун үчөө жок кылынган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Техрик-е-Жихад Пакистан” тобу алды. Соңку кездери бул топ аталган райондо бир нече чабуул уюштурду.

Аталган провинцияда быйыл 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн кыйып, жүздөн ашууну жараат алган. Ал жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG