Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Орусияда түркмөн активисти Алламурадов дайынсыз болууда


Түркмөнстандык активист Калмыкияда пикетке чыккан. 2021-жыл.
Түркмөнстандык активист Калмыкияда пикетке чыккан. 2021-жыл.

Орусияда түркмөнстандык активист Мяликберды Алламурадовдун дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу turkmen.news агенттиги анын досторуна таянып жазды. Маалыматка караганда, Алламурадов менен байланышууга төрт күндөн бери мүмкүн болбой жатат. Ал жашаган үйдүн кожоюну дагы активист жоголгонун айтып, издөө жарыялоого камынып жатканын айткан.

Алламурадов жашаган жерде кандын издери жана мушташ болгондун белгилери калган. Ал эми видеокамералар өчүрүлгөн.

Алламурадов Калмыкияда жогорку окуу жайда билим алчу. Бирок соңку кездери Москва облусуна жашырынып келген. Ал бийлик аны Түркмөнстанга депортациялайт деп коркуп, жашаган жерин улам алмаштырууга аргасыз болгон. Активист түркмөн студенттеринин укуктарын коргоо менен алектенип, алардын артынан түркмөн атайын кызматтары аңдып жүргөнүн айткан.

2021-жылы Алламурадов түркмөн бийлигинин чет жактагы студенттерге акча которууну чектеген саясатына каршы жалгыз пикет өткөргөн. Ал кармалып, Түркмөнстанга депортацияланып кете жаздаган. Бирок сот аны актаган өкүм чыгарган. Соңку кездери расмий Ашхабад чет жактагы активдүү мигранттардын экстрадициялоо аракет көрүп келет. Жакында эле Түркияда экстрадицияланган блогер Фархад Дурдыев мекенинде узак жылдарга түрмөгө кесилди.

XS
SM
MD
LG