Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

Турсунбек Акун адам укуктары боюнча жыйын үзгүлтүккө учураганын айтып чыкты


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

8-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте демилгелеген тегерек үстөл өтпөй калды.

Буга иш-чара өтө турган "Плаза" мейманканасынын администрациясы техникалык мүчүлүштүктөрдү шылтоологонун Акун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Кыргызстанда Адам укугу боюнча декларациянын аткарылышын талкуулап, өкмөт менен жарандык коом ортосунда диалог түзөлү дегенбиз. Бул жерге аймактардан жана өкмөттөн да өкүлдөр келген. Мунун баары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кылганы", - деди Акун.

Ал президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, "кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн Байсаловго чара көрүүнү" суранган.

Акун ошондой эле "Борбор Азиядагы демократия аралчасы" делген Кыргызстан адам укуктары жаатында артка кетип жатканын белгилеген.

Эдил Байсалов Акундун билдирүүсү боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу боюнча тапшырма бербегенин билдирди.

"Мен эч качан кайсы бир жыйынды өткөрбөй коюуга, тоскоолдук жаратууга тапшырма берген эмесмин. Бул боюнча комиссия түздүрүп, иш-чаранын үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктайбыз. Акун жок эле дегенде мындай билдирүүсү үчүн кечирим сурашы керек", - деди Байсалов.

Турсунбек Акун жетектеген "Консолидация жана диалог" кыймылынын 1-июнда Бишкекте өтө турган жыйыны да үзгүлтүккө учураган. Мында жыйын өтчү Hyatt мейманканасынын администрациясы өрт коопсуздугуна байланыштуу жыйындар залына мөөр басылганын жүйө келтиргени белгиленген.

БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG