Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:22

Ибраев: өзгөчө кырдаал электр энергиясын көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл августтан тарта энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаалдын мааниси тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Министр өзгөчө кырдаал электр энергиясын иштетүүнү көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

"Эмне үчүн өзгөчө кырдаал киргиздик. Анткени буга чейин он жыл мурда 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыккан болсок, 2023-жылы деле ушул көрсөткүчтө калып, 3 млрд кВт энергияны сырттан алууга аргасыз болдук. Өзгөчө кырдаал генерацияны көбөйтүү максатында киргизилди. 2026-жылдын аягына 18,1 млрд кВт электр энергиясы керектелсе, 2035-жылы керектөө 26,4 млрд квт саатка чыгат. Ошол убакта биз 40 млрд кВатт саат электр энергиясын өндүрүп, өзүбүздөн ашканын экспорттогон өлкө болушубуз керек", - деди Таалайбек Ибраев.

Расмий маалыматтарда, Кыргызстанда жылына 17,2 млрд кВт электр энергиясы керектелет. Энергетика тармактары жылына 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Калган таңкыстыкты кыргыз өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясы менен жаап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG