Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

БУУ Украинанын энергетикалык жайларына чабуулду токтотууга Орусияны чакырды


Орусиянын армиясынын Украинадагы энергетикалык объектилерине чабуулдарын күчөтүшү гуманитардык кырдаалды начарлатууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енка Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Ал Украинада кыш келип, күн сууктаган сайын орус армиясы маанилүү делген жарандык инфратүзүмдөргө соккусун күчөткөнүн кошумчалады.

“Карапайым калкка жана жарандык инфратүзүмдөргө кол салуулар дароо токтошу керек”,- деди Енка. Ал ошондой эле Украинадагы төрт атомдук электрстанцияга жаралып жаткан тобокелчиликтер маселесин көтөрдү.

7-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Измаил портуна дрондор менен жасаган чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылып, инфратүзүмдөргө залака келтирилди. Бул тууралуу Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, дан сактоочу кампа, элеватор, жүк ташуучу машинелер жабыркаган. Бир айдоочу набыт болгон.

XS
SM
MD
LG