Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт


Азербайжандын президенти Илхам Алиев.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2024-жылдын 7-февралында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн жарыялады. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматы билдирди. Мыйзамга ылайык, кийинки президенттик шайлоо 2025-жылы өтмөк.

Азербайжанда 2016-жылы Конcтитуцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. 2018-жылы да жараян мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Анда оппозициядагы партиялар добуш берүүнү бойкоттошуп, Алиевди эркиндикти чектөөгө, авторитаризмге жана каршылаштарын куугунтуктоого айыпташкан.

Илхам Алиев биринчи жолу 2003-жылы өлкөнү он жыл башкарган атасы Гейдар Алиевдин өлүмүнөн эки ай мурда президент болуп шайланган. Саясат таануучулар эми ал бийликти уулу Гейдарга өткөрүп берет деп боолгошууда.

2020-жылдын башында Азербайжанда парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөн. Аны бийликтеги "Ени Азербайжан" партиясы жеңген. Оппозиция бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалаганын айтып чыккан. Көз карандысыз уюмдар көп аймактарда байкоочулардын ишине тоскоолдук жаралып, аларга каршы күч колдонгон да учурлар болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG