Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалган Кубанычбек Асанов үй камагына чыкты


Кубанычбек Асанов. Атайын кызмат тараткан сүрөт.
Кубанычбек Асанов. Атайын кызмат тараткан сүрөт.

Фейсбукта "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асанов үй камагына 15-ноябрда чыкканын анын адвокаты Акин Токталиев "Азаттыкка" 7-декабрда билдирди.

Токталиев маалымдагандай, Асановду атайын кызмат ушул жылы 11-майда кармаган. Буга анын Фейсбукта жазган посту себеп болгон.

"Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазып койгон үчүн УКМКнын кызматкерлери улут аралык кастыкты козутту деп камап коюптур", - деди Токталиев.

Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) экинчи бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

Биринчи Май райондук соту билдиргендей, кылмыш иши 5-июлда соттук териштирүүгө өткөн. Учурда сот уланууда.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG