Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Сот "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтүн узартты


Турсунтай Салимов.
Турсунтай Салимов.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Мадина” базарынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтүн 4-февралга чейин узартты. Анын бөгөт чарасы 30-ноябрда каралганын райондук соттун басма сөз кызматы 4-декабрда “Азаттыкка” билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын 10-ноябрда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, "Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн".

9-октябрда Салимовго “Уюшкан топко катышуу” деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Жактоочулары коюлган айыптар жана анын кармалышы негизсиз болгонун айтып чыгышкан.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жылдары) депутаты болгон.

Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

20-ноябрда УКМК Салимовдун уулу Илшат Салимовго Көлбаевдин кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин мыйзамдаштыруу фактылары жана кылмыштуу топторду каржылаган айрым ишкерлер боюнча тергелип жаткан кылмыш иши алкагында айып тагылып, издөө жарыяланганын билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

XS
SM
MD
LG