Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Энергетикалык суусундукту толук тыюу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда энергетикалык суусундукка тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору 4-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды.

Депутат Улан Бакасовдун бул демилгеси колдоо тапса “Кыргызстандын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, “этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилет.

Демилгенин негизги максаты элдин ден соолугун коргоо, энергетикалык суусундуктан келип чыккан ооруларды азайтуу экени белгиленди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Кыргызстанда бул багытта расмий статистика жок экенин, бирок энергетикалык суусундуктун терс таасири тууралуу илимий далилдер бардыгын айтты.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева өзүнүн медициналык тажрыйбасында мындай ичимдиктен кийин жүрөк оору менен кайрылгандар көп болгонун белгиледи.

Энергетикалык ичимдиктерди ташып келүү тартиби тууралуу маалымат берген экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, ташып келүүнү тыюуга жол берилерин, бирок тыюу салуу мөөнөтү 6 айдан ашпашы керектигин билдирди.

Быйыл июль айында Кыргызстанда "Жарнама тууралуу" мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизилип, энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынган. Май айында Салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштарын билдирген. Ага ылайык, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.

Депутат Улан Бакасов мындай ичимдиктерге толук тыюу салуу тууралуу демилгесин былтыр октябрда көтөрүп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG