Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Сот Трамптын кылмыш жоопкерчилиги боюнча кол тийбестигин тааныган жок


Дональд Трамп тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн соң, Капитолийге чабуул жасалган. Вашингтон. 6-январь, 2021-жыл.
Дональд Трамп тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн соң, Капитолийге чабуул жасалган. Вашингтон. 6-январь, 2021-жыл.

АКШда сот мурдагы президент Дональд Трамптын президенттик иммунитетинин негизинде Капитолийге чабуул жасоо боюнча кылмыш ишин токтотуу өтүнүчүн четке какты. Соттун токтому тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Мурдараак АКШнын Жогорку Соту президенттер кызматтык милдеттери менен байланышкан жарандык аракеттери үчүн жоопко тартылбасын токтом кылган. Бирок анда кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз болгон эмес.

Судья Таня Чуткан токтомго "мурдагы президенттерди кызмат абалында туруп жасаган бардык кылмышы үчүн федералдык кылмыш жоопкерчилигине тартууда өзгөчө жоболор жоктугун" жазды.

Адвокаттар айыптоо тарап Конституцияга таянып, соттор мурдагы президенттин эркин сүйлөө укугун бузганын далилдөөгө аракет кылышты. Алар Трамп шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын белгилөө менен аны тааныбоого укугу бар экенин эскертишти. Буга судья "Конституция кылмыштуу ниетте айтылган сөздү коргобойт" деп жооп берди.

"Жоопкер жалган билдирүүлөрү үчүн гана эмес, алдын ала билип туруп, кылмыштуу кутумду колдоп жалган билдирүү жасаганы жана шайлоо жараянына тоскоол болгону үчүн жоопкерчиликке тартылып жатат", – деп жазды Чуткан.

Ошол эле күнү АКШнын Апелляциялык соту Трампты 2021-жылы Капитолийг чабуул жасоодогу ролу үчүн жарандык жоопкерчиликке тартууга болорун токтом кылган. Мындай чечимди соттук коллегия депутаттардын жана полициячылардын Трамп "тарапташтарын башаламандыкка түртүү менен өмүрүнө коркунуч жаратканы" тууралуу арызынан улам чыгарган.

Узак талкуудан кийин коллегия Трамптын митингде сүйлөгөн сөзү анын президенттик милдетинен чыгып кеткенин көрсөтөт деген жыйынтыкка келди. Ал кезде Трамп президент эмес, талапкер деп саналган. Ошол эле учурда соттор Трампка өзүнүн иммунитетин андан ары далилдөөсүнө мүмкүнчүлүк беришти. Экс-президент эми сот чечимине даттанып, Жогорку Сотко кайрыла алат.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы төрт кылмыш иши козголгон. Ал өзү булардын бирин да мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG