Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:13

Орусияда “эл аралык ЛГБТ кыймылы” экстермисттик деп таанылды


Санкт-Петербургда акцияга чыккан ЛГБТ активисттери. 1-май, 2014-жыл.
Санкт-Петербургда акцияга чыккан ЛГБТ активисттери. 1-май, 2014-жыл.

Орусиянын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин арызы менен 30-ноябрда “эл аралык ЛГБТ” кыймылына тыюу салып, экстремисттик деп таануу чечимин чыгарды.

Төрт саатка созулган соттук жараян жабык өттү. Өкүм дароо күчүнө киргени маалым болду.

Юстиция министрлиги сотко 17-ноябрда кайрылган. Мекеменин эсебине ылайык, “кыймылдын” ишмердүүлүгүндө “диний, социалык кастыкты козуткан, экстремисттик багыттагы ар кандай белгилер” аныкталган.

Орусияда “экстремисттик уюмдун” ишмердүүлүгүнө катышканы үчүн анын негиздөөчүсү 10 жылга, ал эми анын катышуучулары алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Анткен менен “эл аралык ЛГБТ кыймылы” жок болгондуктан, ким жана кайсы уюм жазаланары белгисиз.

Ал арада Орусияда тиги же бул уюмдун экстремистик деп таанылышы, анын эн белгилерине дагы тыюу салууну карайт. Укук коргоочулардын эсебинде, соттун бул чечими ЛГБТ коомунун мүчөлөрүнө, аларды жактаган активисттерди, журналисттерди куугунтуктоого алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG