Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Нидерландда ашынган оңчулдардын шайлоодогу жеңишине каршы демонстрация башталды


Нидерланддын бардык аймактарында жүздөгөн адам парламенттик шайлоодо ашынган оңчул Герт Вилдерстин партиясынын утуп чыгышына нааразылык билдирип чыгышты.

Амстердамда жума күнү ири митинг өтөрү күтүлүүдө. 23-ноябрдын кечинде баш калаадагы Дам аянтына чогулган жүздөгөн киши Вилдерстин партиясынын исламофобия жана расалык дискриминация боюнча позицияларына каршылык билдиришти.

Нидерланддагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына караганда, Вилдерс башында турган "Эркиндик" партиясы парламенттеги 150 орундун 37сине ээ болду. Еврокомиссиянын мурдагы вице-президенти Франс Тиммерманс жетектеген жашылдар менен лейбористтерден турган блок 25 орунга, ал эми азыркы өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Марк Рюттенин "Эркиндик жана демократия" партиясы 25 орунга ээ болору кабарланууда.

Быйыл жайда Нидерланддардын өкмөт иммиграцияны чектөө боюнча макулдашуунун айынан таркаган. Андан бери өлкөнү убактылуу өкмөт башкарып жаткан. 2010-жылдан бери Нидерланддардын премьер-министри болуп келген Марк Рютте саясаттан кетүү ниети бардыгын айткан.

"Эркиндик" партиясы евроскептикалык, улутчул, мигранттарга жана исламга каршы позициясы менен белгилүү.

2016-жылы марокколуктарды “таштандыга” теңеген партия башчысы Вилдерс шайлоо өнөктүгүнүн маалында өз көз караштарын жумшартуу аракетин көрдү.

Ошондой эле буга чейин Вилдерс Нидерланддар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтотушу керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү дагы жасап келген.

XS
SM
MD
LG