Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Пхеньян буга чейин токтотулган аскердик чараларды жандантат


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея буга чейин Түштүк Корея менен түзүлгөн макулдашуу алкагында токтоткон аскердик чаралардын баарын жандантат. Бул тууралуу "Ренхап" агенттиги 23-ноябрда кабарлады. Тийиштүү чаралар аскердик чыңалууну төмөндөтүү максатында кабыл алынган эле.

"Биз аскердик чыңалууну жайгаруу максатында кабыл алынган чаралардан жерде, абада жана деңизде баш тартабыз. Аскердик тилкенин боюна абдан кубатуу куралдуу күчтөрдү жана жаңы үлгдөгү аскердик техниканы жайгаштырабыз”, - деп жазылат Түндүк Кореянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

22-ноябрда Түштүк Корея 2018-жылы кабыл алынган эки өлкө ортосундагы аскердик чыңалууну азайтуу боюнча келишимди жарым-жартылай токтотконун билдирген. Буга Түндүк Кореянын аскердик спутник учурганы түрткү болгон. Андан мурда расмий Пхеньян чалгын спутниги бекитилген ракета учурганын билдирип, дагы бир нечесин учура турганын кошумчалаган.

2018-жылы эки Кореянын ортосунда кол коюлган макулдашууда чек араларда буфердик аймактардын түзүлүшү жана ар кандай кагылышууларды алдын алуу каралган.

Макулдашууну токтотуу Сеулга демилитаризация аймагы деп таанылган жерде чалгын операцияларын калыбына келтирүүгө шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG