Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Ташиев криминал менен күрөштөн түшкөн каражат кантип бөлүштүрүлүп жатканын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев криминалдык топтор менен күрөштөн түшкөн каражаттар кантип пайдаланылып жатканын түшүндүрдү.

Бул тууралуу ал 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, криминал менен күрөштүн жыйынтыгында жалпысынан 1 миллиард 200 миллион долларлык каражат өндүрүлүп, бюджетке төгүлгөнүн билдирди.

“Мунун баары УКМКнын депозиттик фондуна түшөт. Андан кийин президенттин жарлыгы менен мамлекет башчынын стабфондуна (ред: - Турукташтыруу фонду) же бюджетке которулат. Андан ары фонддогу каражатты президент, бюджеттегини өкмөт өзү тескейт. Ал эми мүлк түрүндө өткөрүлгөн каражаттар Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аркылуу өкмөткө түшүп, калганын өкмөт тескейт. Мындайча айтканда, биз УКМК өткөрүп алган, кабыл алган акча жана мүлктөрдөн бир сом да албайбыз”, - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев болжол менен УКМКга жылына 400 миллион сом бөлүнсө, атайын кызматтын кызматкерлери” 100 миллиарддаган сомду бюджетке төгүп жатканын” кошумчалады. Ал белгилегендей, УКМК кызматкерлеринин маянасы былтыр көтөрүлгөн, алдыда дагы жогорулатуу боюнча өкмөткө сунуш берилет.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Ташиев криминалга каршы күрөш мындан ары да уланарын айтып келет.

XS
SM
MD
LG