Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:31

Ташиев Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер мындан ары болбойт деп убада берди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу "Женго" каймана аты бар Кадыр Досонов криминалдык аракетин улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу Ташиев парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты.

Ташиевдин маалыматы боюнча, Досонов "уюшкан кылмыштуу топтордон кайттым" деп буга чейин убада кылганы менен дагы деле криминалдык аракетин улантып жаткан:

«Женгону Бишкекке алдырып жатам. Ал буга чейин экран алдында убада бергени менен дагы деле кылмыштуу аракетин улантып жатканы белгилүү болду. Ал тергөө абагында отуруп алып, дагы деле таасир этүүгө аракет кылууда. Кыргызстанда Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер болбойт. Криминалдар экран алдында убада бергени менен ал кылмыштуу аракеттен кайттыбы, катуу көзөмөл кылып жатабыз», - деди Ташиев.

Ал криминалга каршы күрөш уланарын, бул үчүн даярдык акыркы эки-үч жылдан бери жүрүп келгенин кошумчалады.

Быйыл 13-январда Ош шаарында бир кишини арматура менен койгулап жатышканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында УКМК кармаган. Учурда ал Оштогу тергөө абагында кармалууда. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG