Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Болот Темировго куугунтукту токтотууну талап кылууда


Болот Темиров
Болот Темиров

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду иликтөөчү журналист Болот Темировго куугунтукту токтотууга жана анын кыргыз жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө бир жыл мурун мекенинен чыгарылган журналист Болот Темиров кыргыз жарандыгынан ажыратылып, анын медиа уюмунун каржы эсеби бөгөттөлгөнү белгиленген.

Ага ылайык, Болот Темировдун Temirov Live каналына каржылык көмөк көрсөтүлүүчү "Мбанк" төлөм системасындагы эсептери удаа бөгөттөлгөн. Алгачкысы былтыр декабрда токтотулган болсо, жаңысы өткөн айда жабылган.

"Болот Темиров жарандыктан Кыргызстандын бийлигиндеги коррупциялык жаңжалды ашкере кылгандан кийин ажыратылды. Анын өзүнө жана ишмердигине алигүнчө жасалып жаткан басым жана коркутуулар бийликтеги адамдар өлкөнүн кызыкчылыгын коргоодон көрө журналистти куугунтуктоого көбүрөөк кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Биз мамлекет башчысы Садыр Жапаровду бул кырдаалга чекит коюп, Болот Темировго жарандыгын кайтарып берүүгө жана журналисттик иликтөөлөрүн тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз", -деп билдирди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн. Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

2022-жылдын январында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар да белгилеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG