Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Ташиевдин үй-бүлөсүн да күчөтүп кайтаруу керектиги айтылды


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да коопсуздугу толук камсыздаларын бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал депутат Акбөкөн Таштанбековдун Ташиевдин коопсуздугу боюнча көтөргөн маселесине «Урматтуу Садыр Нуркожоевич атайын өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө да, үй-бүлөсүнө да биз бир да тал чачын жерге түшүргөнгө мүмкүнчүлүк бербейбиз эч кимге”, - деп жооп берди.

Президент Жапаров Ташиевди кайтарууну дагы күчөткөнү 19-ноябрда белгилүү болгон. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, - деп билдирген.

Камчыбек Ташиев акыркы эки айга чукул убакыттын ичинде уюшкан кылмуштуу топторго, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады. Ал 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Ташиев УКМК төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин дайындалган. Ал пезидент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү.

XS
SM
MD
LG