Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Акылбек Жапаров: Министрлер кабинетинде эч кандай түшүнбөстүк жок


Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров. Коллаж.
Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров. Коллаж.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда саясий коррупция жана уюшкан кылмыштуулук жоюлганын билдирди. Ал саясий коррупция болгон жерде уюшкан кылмыштуулук да сөзсүз аралашарын айтып, бардык жерде тазалануу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Садыр Нургожоевич (президент Садыр Жапаров - ред) мамлекетти иретке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Ташиевге берген. Уюшкан кылмыш топторуна каршы аёосуз күрөш - бул мамлекетке салык төлөтпөй, калка болуп жүргөндөргө каршы күрөш. Булар менен аралашкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тазаланып жатат. Азыр министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же "мурдагыдай эле жүрө берсе болот" дегендер өздөрү эле түшүп калып жатат".

Акылбек Жапаров ошондой эле өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда да эч кандай келишпестик жоктугун белгиледи.

УКМКнын маалыматына ылайык, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мафиясына байланышы бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталып, алардын 70тен көбү кызматтан алынган. Бажы кызматында эле 85 адамдын байланышы аныкталып, 50 чактысы жумуштан бошотулган.

Коопсуздук кызматы Камчы Көлбаев өзү 4-октябрда кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп, өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМК Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу да пикирин айткан. Коопсуздук кызматынын төрагасы эгер Министрлер кабинетинин төрагасы уюшкан кылмыш топтору, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болсо, камоого даярдыгын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган эски видео соцтармактарга тараган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков видео боюнча комментарий берген.

“Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз”, - деген Дайырбек Орунбеков. (ZKo)

XS
SM
MD
LG