Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Азербайжан Армения менен тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга даяр


Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги.

Баку Ереван менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн сүйлөшүүгө барууга даяр. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин баяндамасында жазылганын "Азаттыктын" азери кызматы маалымдады.

"Эки өлкөнүн келечек мамилеси тууралуу чечимди чогуу кабыл алышы керек деп эсептейбиз", - деп жазылган анда.

Анда ошондой эле тынчтык процессинин улануусуна эки тараптын жоопкерчилиги бирдей экени белгиленген.

Мурдараак Ереван Бакуга тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүү сунушун 6-ирет жиберген.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта "Армения мурдагы айтылган принциптердин негизинде мамилени жөнгө салуучу документке кол коюуну көздөйт", - деп жазылган.

18-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен тынчтык келишимине жетишүүнү эртелетүү үчүн дипломаттык аракеттерин күчөтүүгө чакырган.

Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында анклавдын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып берген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак Республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу буйругуна кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.

Еврошаркет, АКШ жана Орусия узак жылдардан бери арачы түшкөнүнө карабай, Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине кол коё элек. Тараптар жабык турган чек араны демаркациялоо ишин да жүргүзүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG