Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:35

Германия Украинага 1,3 млрд евро аскердик жардам берет


Борис Писториус. Киев, 21-ноябрь 2023-жыл
Борис Писториус. Киев, 21-ноябрь 2023-жыл

Германия Украинага 1,3 млрд евро (1,4 млрд доллар) аскердик жардам берет. Бул тууралуу Киевдеги сапары маалында немис коргоо министри Борис Писториус жарыялады. Жардам төрт IRIS-T SLM системасын, артиллериялык дүрмөттөрдү жана танктарга каршы миналарды камтыйт.

Берлиндин расмий өкүлү украин башкалаасына 21-ноябрда барган. Октябрда Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Брюсселде Писториус менен жолугушкандан кийин тараптар коргонуу-өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашканын айткан.

Германия Украинага согуштун башынан бери көмөктөшүп келатат. Ошол эле маалда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясы жазгандай, алыс аралыкка учуучу Taurus ракеталарын берүүнү кечеңдетип жатат.

Писториустун алдында Киевге Пентагондун башчысы Ллойд Остин барып кеткен.

Визиттин жүршүндө ал АКШ Украинага 100 млн долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялаган. Анын ичинде HIMARS ракеталык системасы бар. Мындан тышкары Киев зениттик "Стингер", танкка каршы "Жавелин", TOW жана АТ-4 ракеталарын, артиллериялык курал-жарактарды, 3 миллиондон ашуун ок, аскердик техниканын тетиктерин, кийим-кече жана башка жардам аларын Пентагондун сайты жазды.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери Вашингтон Киевге 43,9 млрд долларлык аскердик жардам жөнөттү.

XS
SM
MD
LG