Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Батирин ижарага бергендерди салык төлөтүү ишин күчөтүү талабы коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте батирин ижарага берип, киреше тапкандарды салык төлөтүү ишин күчөтүү талабы коюлууда. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн 21-ноябрда билдиргендей, киреше боюнча штабдын отурумдары өтө баштады.

Биринчи Май району боюнча өткөн отурумда айтылгандай, ижарага берилүүчү турак жай боюнча салыктык тескөө иштерин аткаруунун жыйынтыгы менен жыл башынан бери 53 миллион сомдон ашуун каражатка 7754 патент берилди.

Район башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов батир ээлеринен салык чогултуу ишин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Жалпысынан бул райондо жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү пландан 104,1% аткарылганы, жалпысынан 2,6 миллиард сом чогултулганы маалым болду.

Киреше боюнча штабдын отурумдары эми шаардын башка да райондорунда кезек-кезеги менен өткөрүлөрү айтылды.

Ижарага берилген батир ээлеринен салык чогултуу иши соңку жылдары активдеше баштады. Салык кызматы андай жарандар салык төлөбөй жүргөн болсо алар тууралуу маалымат берүүгө чакырган.

Көп кабат үйдөгү батир үчүн салык бир чарчы метрине айына 30 сом, ал эми жеке үйдө болсо 40 сом деп эсептелген. Аны төлөбөгөн жарандарга 7,5 миң сом, мекеме-уюмдарга 23 миң сом айыппул салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Салык кызматы аларды башка салык режимдерине өтүүгө чакырууда.

Айрым эксперттер өкмөт экономиканы алдыга сүрөөнүн башка жолдорун издебей, жеңилине качырып, салык чогултууга басым жасап жатат деп сындап чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG