Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Нарын менен Ысык-Көлдөн Ташкентке миң тонна картошка экспорттолот


Нарын жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына картошка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ири өчөмдө картошка жөнөтүү тууралуу келишим Кыргызстандын бул өлкөдөгү соода өкүлү Алмаз Темирбеков жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Келишимде жалпы 1000 тонна тууралуу жазылды, алгачкы партия лабораториялык экспертиза аяктагандан кийин жөнөтүлмөй болду.

Быйыл Кыргызстанда картошканын түшүмү мол болуп, дыйкандардын колунан түз сатып алганда 15 сомдон алып кетип жатышты. Бир ай мурда Бишкектин дүң базарларында анын килограммы 20 сомдон болуп жаткан, азыр 30-35 сомго чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG