Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Орус армиясынын соккусунан Херсондо эки киши набыт болду


Орусиянын армиясы Херсондогу автоунаа токтоочу жайга сокку урду. 20-ноябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясы Херсондогу автоунаа токтоочу жайга сокку урду. 20-ноябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 20-ноябрга караган түнү Украинанын Херсон шаарын артиллерия менен аткылоону улантты. Снаряддардын бир нечеси менчик транспорттук ишканананын автоунаа токтоочу жайына тийип, эки айдоочу мүрт кетип, бири оор жараат алганын Херсон облусунун аскердик администрациянын жетекчиси Александр Прокудин билдирди.

Бир канча автоунаа жабыркап, жакын жердеги турак жайга зыян келгенин Украинанын Башкы прокуратурасы тактады.

2022-жылдын күзүндө украин армиясы бул аймакты өзүнө кайтарып алгандан бери Херсон облусу дарыянын сол жээгиндеги орус күчтөрүнүн тынымсыз аткылоосуна кабылып келет.

Маалыматтарга караганда, күн сайын орус армиясы облус борборун бир нече жолу аткылап, ракеталык соккуларды урат. 19-ноябрда орус армиясы Херонду 30дай снаряд менен аткылады. Алардын айрымдары калаадагы социалдык борбордун имаратына тийди.

Жалпысынан соңку бир суткада орус армиясынын чабуулунан облуста алты киши, анын ичинде үч жаштагы наристе жараат алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Херсонго жасаган соңку соккулар боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG