Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Мас болуп алып машина айдаган сот аткаруучу жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мас абалында машина айдап бараткан жеринен кармалган сот кызматкерине катуу сөгүш жарыяланганын бүгүн 20-ноябрда Жогорку соттун Сот департаменти билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык териштирүү жүгүзүлүп, этика комиссиясынын чечими менен ал кызматкерге карата “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык ушундай тартип жазасы чегерилди.

Сот аткаруучулар кызматында сот аткаруучу болуп иштеген бул кишиге мас абалында машина айдаганы үчүн сот тийиштүү чара көрөрү кошумча маалымдалды.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн сот аткаруучунун видеосу бир күн мурда социалдык түйүндөргө тараган. Анда ал күнөөсү жоктугун, машинаны башка бирөө айдап баратканын айтууда. Ал эми наркология кызматынын адистери ал мас экенин, милиция машинаны ал өзү айдап баратканынын далили бар экенин айтып жатышат.

Кыргызстанда былтыр милициянын колуна түшкөн мас айдоочулардын саны 13 миңден ашканын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы бул көрсөткүч 12 миң болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7040 жол кырсыгы катталып, 11049 киши жаракат алып, 690 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG