Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Камактагы журналист Гүлжан Шерипбаева кайрылуу жолдоду


Гүлжан Шерипбаева. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Гүлжан Шерипбаева. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Nazarnews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын абактан жазган катын жактоочусу Жаныш Бараков 20-ноябрда жарыялады.

Анда ал абалы жакшы экенин, тергөө кызматкерлери акыйкат иш алып барат деген оюн билдирген.

Шерипбаеваны 16-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кеңсесинен алып кетишкен. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. Райондук сот журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылганын билдирген.

Гүлжан Шерипбаева 2010-жылы апрелдеги элдик толкундоодон кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактап келген. Акыркы убакта соцтармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шектелип соттолгон Райымбек Матраимовду жана атайын операция маалында жок кылынган Камчы Асанбекке (Колбаев) колдогон билдирүүлөрдү жарыялап келген.

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аны менен жолукканда өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин айтканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG