Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн


Чүй району.
Чүй району.

20-21-ноябрь күндөрү аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, күрткү болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1 градус суук болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 18…20° болот.

XS
SM
MD
LG