Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Караколдо адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран. Ысык-Көл облустук милициясы тараткан сүрөт.
Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран. Ысык-Көл облустук милициясы тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы Н.Р. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда Каракол шаардык милициясына “Тез жардам” кызматынан шаарда бир адам бычакталып өлтүрүлгөнү жөнүндө маалымат түшкөн. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициянын тергөө ыкчам тобу киши колдуу болгон адам Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 31 жаштагы тургуну экенин аныктаган.

Шектүү жаран алдын ала суракта күнөөсүн мойнуна алган. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.

25-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бир адамды атып өлтүргөн окуя катталган. Шектүү жаран Тажикстандан кармалганы белгилүү болгон.

Анын алдында Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташта 69 жаштагы кишиге ок тийип, каза болгон. Милиция бул окуя боюнча жалпы 14 кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG