Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-ноябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° болот.
Дагы караңыз