Кыргыз-тажик чек арасынын эки жылдан бери жабык турганы аймактагы карым-катнаш, соода алакаларына таасирин тийгизди. Ошондой болсо да эзелтен бери карым-катышы бар эл тууганчылык мамилени улантуунун ар кандай жолдорун издешүүдө.
Чек ара жабык болгондуктан баткендик эки жаш Жавлонбек менен Зилола үйлөнүү той күнү батаны жол жээгинде алышты. Жолдун аркы бетинде Зилоланын тажикстандык таенеси, таежеси, таякелери тойго катыша албаса да эки жашка бата берип, каалоо-тилектерин айтышты.
“[Аралык] беш метр. Ушундай эле алдыбызда жол. Келинчегим жолду кесип өтмөкчү болду эле, мен аны токтотуп, колунан кармап калдым”.
Фергана өрөөнүндө жашаган көпчүлүк улуттардын каада-салтына ылайык жаңы баш кошкон жубайлардын турмушу карыялардан бата алып, аларга ийилип салам айтып, сый-урмат көрсөтүүдөн башталат.
Өткөн жума Баткендин Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында жаш жубайлар Жавлонбек менен Зилола үйлөнүү той өткөрүшкөн. Бирок чек ара жабык болгондуктан үлпөт тойго алардын тажикстандык туугандары катыша албады.
“Баткен облусундагы Лейлек районунун Интернационал айылынан болобуз. Биз ушул жерде төрөлүп, чоңойгонбуз. Менин келинчегим да ушул жерден, ушул жерде чоңойгон. Анын апасы жактан туугандары, тайлары Тажикстандан болот. Чек ара жабык болгондуктан, келинчегимдин тага журту жолдун аркы бетинде туруптур. Биз аны билген эмес элек, нике тойдон барсак эле жолдун боюнда күтүп турушкан экен. Анан келинчегим менен бардык, алар бизге батасын беришти. [Аралык] беш метр. Ушундай эле алдыбызда жол. Келинчегим жолду кесип өтмөкчү болду эле, мен аны токтотуп, колунан кармап калдым”, - деди Интернационал айылынын тургуну Жавлонбек Газибаев.
Жавлонбек - тиш догдур. Ал ОшМУнун стоматология факультетин бүтүрүп, быйыл кесиби боюнча иштей баштады. Жаңы келин болуп келген Зилоланы кепке тарта албай калдык.
Анын апасы Онажон Мирбобоева Тажикстанда туулуп-өскөн. Ал Кыргызстандын Интернационал айылына мындан 20 жыл мурда келин болуп келген.
“Ата-энем тойду бир көрүп кетебиз деп айтышкан эле. Ошентип, келин барар замат көрүп, кайра кайтып кетишти. Мен да ыйлап [жолго] барып, кайра артка келдим”, - деди Интернационал айылынын тургуну Онажон Мирбобоева. Ал Тажикстандагы төркүнүнө төрт жылдан бери каттай элек.
“Баргым келет. Айла жок да. Эми кудай буюрса, заман качан тынч болсо барабыз да. Атам мамлекеттик кызматта иштейт. Аларга да сөз тийип калбасын деп ушундай кылдык да”, - деди Онажон Мирбобоева.
Биз аңгычакты чогуу турган эки куданы кезиктирдик. Алар чек ара жабылганы жумушсуздук көбөйүп, элдин жашоо-турмушу начарлап, тууган-урук менен катташа албай калганын айтышты.
Жавлонбектин чоң атасы Нурулло чек аранын жабылганы туугандар ортосундагы мамилеге терс таасир тийгизгенин айтты:
“Тууган-уруктарга бара албай калдык. Кимиси өлдү, кимиси тирүү, батага да бара албайбыз. Элдин элүү пайызы ошол Овчу-Калачага кыз берип, кыз алып, ата-энелерибиз да ушинтип кудалашып келген”, - деди.
Зилоланын чоң атасы Мейликозу карапайым элдин ортосунда барды-келди болушу керек, чек арадан жок дегенде карта менен өткөрүшсө болмок деген пикирде.
Эки коңшу өлкөнүн элин бириктирген мындай үй-бүлөлөр Интернационал айылында көп кездешет. Алардын бири Абубакир. Ал келинчеги менен 2021-жылы баш кошкон. Бирок чек арадагы жаңжалдан улам той үзгүлтүккө учураган.
“Биринчи окуядан [2021-жылдагы коогалаңдан] кийин үйлөнгөм. Аялым менен Орусияда таанышкам. Биз үйлөнүп жаткан кезде ал окуп, мен иштейт элем. Келинчегим Тажикстандан, Кожент шаарынын өзүнөн. Биз үйлөнөлү деп жатканда жол жабылып калды. Ошол бойдон тоюбуз көпкө токтоп калды. Алар [кайын-журтум] Орусиянын жарандары эле. Биз аларды Өзбекстан аркылуу алып келип үйлөнгөнбүз”, - деди Интернационал айылынын тургуну Абубакир [ысымы өзгөртүлдү].
Көп улуттуу Интернационал айылында 5 миңге жакын адам жашайт. Алар учурда чек ара маселесинин чечилишин күтүп жатат.
“Азырынча барды-келди жок. Тойлор да өзүңүздөр күбө болгондой өтүп жатат. Бирок элдин талабы - чек араны биротоло чечип, тактап анан ачып берсе”, - дейт Интернационал айылынын башчысы Авазбек Коңурбаев.
2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан талаштуу жерлерди тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин Тажикстан жактагы чек арасын бир тараптуу жапкан.