Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Сталинизм: Эрки сынбаган сүрөткер Ирма эненин тагдыры


Орусиялык сүрөткер Ирма Геккер – Худякова.
Орусиялык сүрөткер Ирма Геккер – Худякова.

Кыргыз таануучу, археолог Юлий Сергеевич Худяковдун энеси, чыгаан сүрөткер Ирма Геккер – Худякованын жаркын элесине

Адам тагдыры... Сүрөтчү тагдыры... Эне тагдыры... ГУЛагдын азап-тозогун жон териси менен көргөн шибердик сүрөтчү, теги немис Ирма Геккер (кийинчерээк – Худякова) эне тууралуу тарыхчынын блогу.

Ирманын ата-энеси жана эже-сиңдилери

Орусиялык сүрөтчү айым Ирма Юрьевна (Юльевна) Худякова (Irmgardt Amalia Hecker / Ирмгардт Амалия Геккер, 1948-жылдан кийинки тегаты – Худякова) АКШда Чикаго шаарында туулган.

Ал АКШга падышалык Орусиянын аймагынан кеткен, бирок кайра советтик Орусияга көчүп келген таланттуу профессордун кызы болгон.

Оболу анын ата-энеси жана бир тууган эже-сиңдилери жаатында учкай маалымат бере кетелик.

Профессор Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннатиде дарс окуган күндөрү. АКШ. 19.01.1935.
Профессор Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннатиде дарс окуган күндөрү. АКШ. 19.01.1935.

Анын атасы, философия профессору Юлий Геккер (Julius Friedrich Hecker; 1881—1938) немис тектүү ойчул болгон. Ал падышалык Орусияда туулган, бирок АКШда таалим алып, 1913-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Илимий нускоочусу – америкалык профессор Франклин Генри Гиддингс (Franklin Henry Giddings; 1855–1931) мырза эле.

Диссертация коргоодон бир жыл мурда, 1912-жылы, Юлий Геккер АКШда байырлап жаткан Елизавета Шарлотта Юнкер (Elizabeth Charlotte Junker; кийин Елизавета Павловна Геккер; 1888–1962) аттуу айымга үйлөнгөн.

Жубайлар жалпысынан беш кыздуу болушкан. Алардын улуураак төрт кызы: Алиса Геккер (29.07.1913 – 24.01.1982), Марселла Геккер (25.02.1915 – 30.01.2010), Ирма Геккер (никелешкенден кийинки тегаты Худякова; 28.8.1916 – 02.04.2002) жана Ольга Геккер (никелешкенден кийинки тегаты Ведерникова; 03.3.1918 – 06.04.2004) АКШда жарык дүйнөгө келишкен.

Жубайлардын көкүрөк күчүгү Вера (27.02.1922 – 18.09.2017) болсо Германияда Потсдам шаарында төрөлгөн.

1925-жылы СССРдин жараны болуп калган Юлий Геккер сталинизмдин жапырт репрессиялары доорунда – 1938-жылдын 28-апрелинде жазыксыз жерден атылып кеткени бир кыйла кеч маалымдалган.

Анын жубайы Елизавета Шарлотта (Елизавета Павловна) Геккер айым болсо 1938-жылдын 5-апрелинде “Атажуртка чыккынчы болгон” кишинин, демек, “эл душманынын” жубайы катары ГУЛагдын абагына салынган. Оболу сегиз жылдан ашуун мөөнөткө абактык лагерлерде кармалып, анан сүргүнгө айдалган.

Профессор Ю.Геккер 1957-жылы 18-апрелде, б.а. өлгөндөн 19 жылдан кийин гана расмий акталган.

Анын жубайы болсо 1947-жылы абактан сүргүнгө чыгарылган. Ал диктатор Иосиф Сталин өлгөндөн кийинки жылы акталган. 1962-жылы 1-декабрда советтик Орусия Федерациясында дүйнөдөн кайткан.

Профессор Геккердин үч кызы – Алиса, Ирма жана Вера – эч кандай сотсуз жана калыс тергөөсүз эле 1941-жылдын сентябрь-октябрь айларында ГУЛаг тырмагына түшкөн.

Ирма Геккер (Худякова) жана анын эже-сиңдилери (солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма. 1930-жж.
Ирма Геккер (Худякова) жана анын эже-сиңдилери (солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма. 1930-жж.

Бул жаш айымдардын күнөөсү айтыла электе эле “тоодой” болчу: биринчиден, “эл душманынын” кыздары болушчу, экинчиден, Иосиф Сталиндин 1938-жылдын аавгустунан берки Чыгыш Европадагы “шериги” Адолф Гитлер Советтер Биримдигине кол салгандан кийинки учурда, булардын этностук теги немис болгондугу эле “зор кылмыш” көрүнгөн.

Юлий Геккердин калган эки кызы – Ольга менен Марселла – оңдой берди болуп ГУЛагдын капканына түшпөй калышкан. Студент Ольга башка даректе жашагандыктан чекисттер тарабынан табылбай калган. Ал эми Марсела Кызыл Армиянын кан майдандагы жоокерине турмушка чыккандыгы жана алгач Лубянкага алынып келгенде боюнда бар болгондугу үчүн анын документтерин толтуруп жаткан чекисттин ырайымына кабылган. Бул бейтааныш чекист Марселланын документтерин тытып, алгачкы тергөө жайынан акырын чыгарып жиберген.

Эми Ирма Геккер (Худякованын) тек жайы тууралуу учкай маалыматтан соң, анын өзүнүн бейнеси тууралуу сөзгө орун берели.

Ирма Худякова (Геккер). 1960. Үй-бүлөлүк архивден.
Ирма Худякова (Геккер). 1960. Үй-бүлөлүк архивден.

Ирманын ысымы коюлган жээн небересинин 2016-жылкы эскерүүсүнөн:

“Бүгүн тайэнем Ирма Юльевна Худякованын (Геккердин) туулган күнүнөн бери 100 (!!!) жыл толду. Ал ар дайым, – ал кеткенден кийин арадан 14 жыл өтсө дагы, – менин жашоомдо кала бермекчи. Саян тоолорундагы биздин [геологиялык] экспедиция иш алып барган тепкедей кыштак үчүн Ирмгард деген кыз аты кыйла эле узунураак болуп калчудай сезилгенби, айтор, ата-энем мени тайэнемдин атынын кыскартылган түрү менен [Ирма деп] аташкан экен.

Кайра ойлоп кетсем, буряттардын Дарим, Саян сыяктуу кыз аттарынын арасында менин атым деле анчейин өзгөчөлөнүп угулуп калмак эмес экен. Мен эч качан ага окшош болгум келчү эмес. Балким, ага окшошуп калууга эч мүмкүн эмес экенин түшүнгөн көрүнөм, анткени тайэнем баары жоктун баары жөнүндө таптакыр башкача ой жүгүртчү, башкача көрчү жана башкача угаар эле.

Тайэнем өзүн демейдеги карапайым чоң энелерден таптакыр башкача алып жүрчү. Анын бою 1,88 метр болчу, (а мен болсо кодоороок чыктым да). :)

Ал жарыктык башын артка силкий көтөрүп, маңдайынан чыккан кишини даанараак багып карап, анын бейнесин өз баамында портрет кылып тартып кирчү. Ага туш болгондор кымырынып, артка бурула башташчу. Тайэнем алардын эмнеге бушайман болуп кеткенине түшүнө берчү эмес. Кээде ал [маңдайындагы кишинин кебете-кешпирин] жактырган сөзүн күлкү келээрлик түрдө айтып калчу:

"Сенин жүзүңдүн кулагыңдын көнчөгүнөн мойнуңа өткөн бөлүгү өтө көркөм экен, ай!" :)

Тайэнем өзүнө ыңгайлуу болгондой кийинчү да, эч качан зергер жасалгаларын тагынчу эмес; ал боёнчу да эмес; куудай аппак болгон тармал чачынын өзү үчүн ыксыздай көрүнгөнсүгөн тармалдарын өзү эле кыркып салчу.

Ал калп айтканды эгерим билчү эмес жана жымсалдаган дипломатия жөнүндө эч кандай түшүнүгү да жок болчу. Ошондуктан ал мүнөзү абдан татаал инсан болгон.

Ал классикалык музыканы өтө берилип укчу, өзү альт (скрипкадан чоңураак музыкалык аспап) чертип, ар кыл опералардагы эң татаал арияларды оңой эле аткарып койчу.

Ал өз коломтосу жана ата-энесинин эскерүүлөрү менен байланыштуу болгон балан-байдыбандардын бардыгын кастарлап, кылдаттык менен сактаар эле. Ал өз балдарын, күйөөсүн жана экинчи атажурту болуп калган Шиберди чексиз сүйчү.

...Ал бүгүн дагы, – өзү жарык дүйнөгө келген көз ирмемден бери 100 жыл болгон чакта дагы, – биздин арабызда кала берүүдө. Аны бул дүйнө эми эч унутпайт, анткени ал жөнүндөгү эстутумубузду үй-бүлөбүз менен ар дайым эсте сактап жана болочокку урпактарга мурастап калтыра бермекчибиз.

Анын боёктору, боёк сүрөттөрү – анын көзүнө көрүнүп, анын жеңил колу аркылуу кендир кездемеге жана ак баракка түшүрүлгөн портреттер, пейзаждар мындан ары да жашай бермекчи.

Ал Боря экөөбүздүн үйлөнүү үлпөтүбүздү боёк сүрөт кылып тартканда, атам: “Мындан ары эми эч ажыраша албайсыңар, анткени ал силерди боёк калеми менен түбөлүккө бириктирип салды”, – деп тамашалап айтканы жадыбызда.

Апам бүгүн атайын таттуу торт бышырды. [Маркум] тайэнем алкоголдук ичимдикти эч качан оозуна алган эмес, бирок таттууну абдан жакшы көрчү эле...”

(Бул эскерүүнү Ирма Слепцева айым 2016-жылы 28-августта “Фейсбукта” орус тилинде жарыялаган).

Сергей Алексеевич Худяков жубайы Ирма Юльевна Худякова (никелеше электеги аты - Ирмгардт Геккер) менен.
Сергей Алексеевич Худяков жубайы Ирма Юльевна Худякова (никелеше электеги аты - Ирмгардт Геккер) менен.

Ирма чоң эненин эскерүүлөрүнөн жети шиңгил

1. Өз атасы, профессор Юлий Геккер, документтерге караганда, 1938-жылы 15-февралда камакка алынгандан кийинки учур жөнүндө калтырылган эскерүүсү.

Юлий Геккердин камалганын өздөрү алгач уккан убакыт катары Ирма 1938-жылы март айын көрсөткөн, бирок Марселла Юльевна Геккердин эскерүүсүндө 1938-жылдын 16-февралында алардын энеси Маскөөгө келип, кечээки дүрбөлөңдүү кабарды беш кызга угузган, деп так көрсөтүлөт.

Атасы Юлий Геккер камала элек кезде Ирма айтылуу Маскөө мамлекеттик көркөм өнөр институтунда окуп жаткан.

Бул окуу жай азыркы тапта Орусия көркөм өнөр академиясына караштуу Эмгек Кызыл Туу ордендүү В.И.Суриков атындагы Маскөө мамлекеттик академиялык көркөм өнөр институту (Московский ордена Трудового Красного Знамени государственный академический художественный институт имени В.И.Сурикова при Российской академии художеств) деп аталат. Аны эл оозунда кыскача “Суриков институту” деп да коюшат.

Беш кызы тең Маскөөдө окуп жаткан маалда, Клязьма кыштагында Юлий менен жубайы Елизавета гана жашап калышкан. (Бул кыштак азыркы тапта Пушкино шаарынын алкагындагы бир чакан районго айланган).

Ирманын айтымында, энеси Елизавета Павловна Клязьмадагы үйүнөн Маскөөгө келип, борбор шаардагы кыздарына күйөөсүнүн кармалып кеткендиги жөнүндө суук кабар айткан:

“...Март айында кайсы бир күнү таңга маал апам келтип калды, бөлмөдө отургучка отурду да, акырын [шыбырап] сүйлөдү:

– Алтүндө атаңарды камакка алышты. Чоң тинтүү жүргүзүштү, архивден көп сандаган кагаздар менен каттарды алып кетишти.

Апрелде алгачкы жолу апабыздан атабыз үчүн 50 рубл каражатты [абакка] кабыл алышты. Ар күнү ал түн оогонго чейин өтүнүч каттарды жазып, анан [СССРдин] Ички иштер эл комиссариатына (НКВД) жеткирип келип жатты. Баардык далаалаты майнапсыз болду.

Бир күнү каалганы катуу каккылашканда, бардыгыбыз эбак уктап жатканбыз. Көрсө, НКВДнын эки кызматкери үйдү тинтүү жана апабызды камакка алуу үчүн буйрук көтөрүп келишиптир...

Апам камакка алынгандан бир апта соң мен [окуу жайымдагы] комсомол уюмунун катчысы Коля Сергеевге келдим да, болгон окуя тууралуу төкпөй-чачпай айтып бердим. Комсомол уюмунун катчысы дароо менден өзүн оолак тута калды да, сурдана кабагын бүркөп, мага катаал жана расмий доош менен сүйлөп кирди.

Бат эле мени жалпы комсомолдук чогулушка чакырышты да, бардыгынын көзүнчө өз атамды эл душманы катары тааный турганымды айтууну талап кылышты. Мен каршы болдум.

– Анда биз сени комсомол мүчөлүгүнөн чыгарабыз. Ким “макул” деп добуш берет?

Жымжырттыкты бузуп, алгачкы болуп бюро мүчөсү Ваня Амнян кол көтөрдү. Анын артынан дагы бирөөсү, анан дагы башкасы, дагы бири...

Катчы тыянакты үнүн бекем чыгара шардана кылды:

– Бир добуштан!”

Ирманы Маскөөдөгү көркөм өнөр институтундагы комсомол уюмунун катарынан чыгарышса да, ал бул окуу жайда өз окуусун уланта берген.

1939-жылга караган кышта Ирма өз эже-сиңдилери менен кошо Коми АССРиндеги Ухтопечер жергесине барып, ГУЛагдын мындагы абагында жаткан энеси Елизавета Павловнага белек-бечкек алып барышкан. Кыштын минус 30 даража болгон суугунда алар чокою жок барып, абдан мүшкүлгө кабылышкан, бирок кыздар лагердеги С витамини аз өп-чап тамак жеген учурда пайда болгон цинга оорусунун айынан тиши күбүлүп түшүп, азап чегип жаткан энесине акырыи жолугуп, дем берип кайтышкан.

2. Ирманын 1941-жылы окуудан чыгарылышы жана камалышы жөнүндөгү эскерүүсү

Энеси камалып кеткен соң, кыздардын көбү Клязьмадагы үйдө жашап жатышты. Алар үчүн чыгармачыл чакан дүйнө түптөлө берген. Төмөндө ысымы эскериле турган өнөрпоздордун бири, даңазалуу пианист Анатолий Иванович Ведерников (1920–1993) кийинчерээк Ольга Геккерге үйлөнгөнүн, демек, Геккердин бир тукумунан өзүнө муза тапкандыгын эскерте кетели.

“...Эже-сиңдилерим консерваториянын студенттери менен таанышып калышты. Алардын арасында келечектеги дүйнөгө белгилүү музыканттар – Вячеслав Рихтер, Анатолий Ведерников, Владимир Чайковский бар эле. Слава [Рихтер] ийрим түздү. Аныкында кечкурун бардыгы чогулуп алышып, бир же эки пианинодо музыкалык чыгармалар аткарышаар эле.

Көркөм өнөр институтундагы дипломдук ишимдин темасы катары музыкалык ийримди тандадым. Эскиздердин үстүндө иштеп жүрүп, дүйнөгө таанымал музыка өнөрпоздорунун аткаруусундагы чыгармаларга ыракаттанып жүрдүм. Бирок баары-жокту согуш ойрон кылып салды.

Институтта медайымдар үчүн курстар ачылып, студент кыздар кан майданга жөнөөгө камылга көрө башташты. Кайсы бир сабак учурунда бизге анкеталар таркатылып берилди. Ошондо “улуту” деген устундагы орунга мен чынчылдык менен “немис” деп жаздым.

Ошондон кийин мага: “Мындан ары сабакка келбегин!” – деп катуу эскертишти.

Институт менен акыркы байланышым үзүлдү да, калды.

...1941-жылдын 10-сентябрында [Клязьмадагы] үйүбүзгө эки автоунаа келди. НКВД кызматкерлери эже-сиңдилерим менен мени ар башка бөлмөлөргө бөлүп алып барышып, тинтип чыгышты да, андан соң буюмдарыбызды жыйнообузду өтүнүштү. Алар мени атактуу Петровкага, андан кийин Садовое айлампасындагы аялдар абагына алып келишти.

Эч ким эч кандай шылтоолорду кабыл алган жок. “Эл душманынын” кыздары деген сөз айкашынын өзү эле миңдеген башка жүйөөлөрдөн салмактуу болчу да. Бул – бир эле учурда айыптоо, сот жана өкүм болчу...” – деп Ирма эскерип жазган.

Айтмакчы, Орусия ИАсынын Шибер бөлүмүнүн Улан-Удэ шаарындагы Бурят илимий борборунун илимий кызматкери, маданият таануу илимдеринин кандидаты Александра Евгеньевна Мурзинцева айымдын 2018-жылдагы макаласында жазышынча, Ирма Геккердин сүрөтүнүн туңгуч ирет көргөзмөгө коюлушу сүрөткер айым абакта жаткан мезгилге туш келген.

Ирма үчүн бул саамалык Маскөөдөгү Мамлекеттик Третьяков галереясында Суриков институтунун студенттеринин дипломдук иштеринин көргөзмөсү менен башталган. Көргөзмөдө Ирма Геккердин Улуу Атамекендик согуштун алгачкы күндөрүндөгү эпизоддорго арналган “Можайсктын жанындагы студенттер” аттуу боёк сүрөтү коюлган эле. Бул студенттик эмгек мыкты чыгармалардын сабында белгиленген.

А.Мурзинцева айымдын айтымында, сүрөткер абакта отургандыктан, жеке өзү көргөзмөгө катышкан эмес. Бир жагынан, Ирманын чыгармасын көргөзмөгө катыштырууга дити барган окутуучулар каргашалуу сталинихм доорунда Суриков институтунда болгондугуна тан берсек болот.

Ирма Геккер (кийин Худякова) абакта тарткан “Абактагы камерада” аттуу чийме сүрөт. 1941–1942-жж.
Ирма Геккер (кийин Худякова) абакта тарткан “Абактагы камерада” аттуу чийме сүрөт. 1941–1942-жж.

3. Ирма Маскөөдөн Шиберге карай айдалган маалда, орто жолдо Бишкектеги абакта да кармалганын эскерген.

“Маскөөдөн абактагыларды [башка жактарга] көчүрүү жүрүмү башталган күн да келди. Түнкүсүн камералардан чыгарып, автуонааларга отургузуп, темир жол бекетине жеткиришти. Поюз вагондору таң атканча жыкжыйма толуп, анан эшиктер жабылган соң, баары тынч болуп калды. 24 күн жолдо жүрүп, акыры поюз Кыргызстанга – Фрунзе [азыркы Бишкек] шаарына келди.

Баары эле [бул шаарга] тирүү жетип келе алган жок, [эсен калгандардын] айрымдары акылдарынан азган учурлар болду.

Кыргызстандагы узакка созулган кыш мезгили өкүм сүрдү, [анысы аз келгенсип] жугуштуу келте оорусунун эпкини башталды.

Алгачкы учурларда камерада [б.а. абактагы бөлмөдө] тамеки чеккендерге деп махорка [б.а. тамеки үбөлөндүсүн] жана аны орой тургандай кагаз таркатылып берилчү.

Ошентип, мен тамеки кагазына өзүм көргөн турмуш сүрөтүнүн алгачкы долбоордук чиймелерин чийдим. Мен абактагы камеранын терезесинен Теңир-Тоону тартканга да жетиштим...

1942-жылы жазында, Теңир-Тоонун этегиндеги камеранын торунун артында өрүктөр гүлдөп турган маалда, мени чакырышты да, [соттук] өзгөчө кеңешменин өкүмүн жарыялашты. Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык (антисоветтик үгүт) жаза – беш жылга эркинен ажыратуу [өкүмү мага карата шардана кылынды]. Ал кезде бул жаза – жаш балага ыраа көрүлчү [б.а. өтө жеңил] абактык мөөнөт катары кабыл алынаар эле...”

1942-жылы 29-апрелде чыгарылган өкүмгө ылайык, Ирма Геккер 5 жылга абакка кесилген жана андан кийин да сүргүндө кармалууга тийиш болгон.

Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “Мариинск жергесиндеги лагерде” аттуу чийме сүрөт. Болжол менен 1942–1944-жж.
Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “Мариинск жергесиндеги лагерде” аттуу чийме сүрөт. Болжол менен 1942–1944-жж.

4. Ирманын Бишкектен Шиберге карай абактык сапары тууралуу эскерүүсүнөн

Кыргызстандын борборунан ары Ирма Геккер Ташкен аркылуу Шиберге улам бир жерге токтогон кырдаалда жөнөтүлөт. Новосибирск шаарына ал катуу ооруган абалында жеткирилет да, мында дароо ооруканага кабылат.

Анын узак жолдук сапарында абактагыларды ташып бара жаткан поюздун башчысы Ирмага боору ооруп, көк алма сатып алып келген жана “анын ширесин гана жутушуң керек” деп акыл айткан.

Новосибирктен Мариинск жергесине чейинки сапар үч күндү алды.

Бул жерде жазмыштуу тагдыр аны мурдагы институттагы комсомолдук катчы, кийин кайра өзү “тыңчы” доосуна жазыксыз кабылган Коля Сергеев менен кайрадан жолуктурду.

Николай Сергеев дароо эле Ирмадан кечирим сураган экен.

“Ал башка абактык топтогулардын нугуна ылайык Түндүккө карай кетип бара жаткан эле. Бирок [Коля Сергеев] абактык лагердин башчысына мен жөнүндө [өз өтүнүчүн] айтып берүүгө үлгүргөн болчу.

Абак аймагында Анатолий Михайлович Должанский башчылык кылган көркөм устаканалар иш жүргүзүп жатышкан. Ага чебер уз жана усталар керек болчу, ошондуктан мени оболу ооруканага, андан соң бул абактагы баракка жөнөтүштү”.

Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “”Эл душмандарынын” Новосибирсктен Мариинск тарапка айдалып бара жаткан учуру” чийме сүрөтү. 01.5.1942. Иркутск чөлкөм таануу музейи.
Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “”Эл душмандарынын” Новосибирсктен Мариинск тарапка айдалып бара жаткан учуру” чийме сүрөтү. 01.5.1942. Иркутск чөлкөм таануу музейи.

5. Абакта табылган сүйүү тууралуу эскерүү

Кышы катаал Шибердеги абактык лагерде жүргөн чагында, 1942-жылы, Ирма Геккер айым бир олбурлуу орус жигитке жолугат. Сергей аттуу бул жигит Ирма сыяктуу саясий беренеге ылайык камалбастан, кылмыш ишине байланыштуу кесилген болчу. Демек, сталиндик ГУЛагдагы ички системада Сергейдин макамы Ирманыкынан алда канча артыкчылыктуу болгон.

“Күндөрдүн биринде түшкү тамак учуруна жакындап калган кезде биздин устаканабызга демейде лагердин эркин жумушчулары кийип жүрчү жарым аскердик кийимчен, сары чачтуу, жашыл көздүү жигит башпакты. Ал – жыгач усталар менен темир усталардын бригадири Сергей болуп чыкты.

Андан кийин бул бригадир мага кайра-кайра келип, бурчка отуруп алчу да, менин ишимди сырттан байкап карап тураар эле. Бир күнү ал өз ата-энесине жөнөтүү үчүн өзүнүн портретин тартып берүүмдү суранды...”

Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан болочокку күйөөсү Сергей Алексеевич Худяковдун (1919–1984) чийме сүрөтү. Болжол менен 1942–1943-жж.
Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан болочокку күйөөсү Сергей Алексеевич Худяковдун (1919–1984) чийме сүрөтү. Болжол менен 1942–1943-жж.

Бул жигит – Сергей Алексеевич Худяков (1919–1984) болчу. Ал азыркы Орусия Федерациясынын Кемерово облусуна караштуу Красное кыштагында туулган. Юлийдин чоң атасы Алексей Анисимович Худяков Орусиянын европалык бөлүгүндөгү Вятка жергесинде туулган, ал эми чоң энеси Дарья Тимофеевна болсо Чернигов облусунда туулган. Алар XX кылымдын башында Шиберге көчүп келишкен. Шиберде алар Сергей жана Валентин деген эки уулдуу болушкан. Алексей Худяков учурунда өз кыштагында колхоз башкармасы болуп иштеген.

Сергей Алексеевич Худяков 1930-жылдардын соңунда тентектигинин айынан абакка түшүп калат. Абактан качам деп далаалат кылып, бирок кармалат да, абак мөөнөтү дагы сегиз жылга узартылат. Ошентип, Сергей Худяков саясий эмес себептен улам ГУЛагга узак мөөнөткө кабылган болчу.

Ал ГУЛагда узун бойлуу, арык, табы жок немис кызына – Ирмага ашык болуп калган. Сергей бул сүрөтчү кыздын саясий себептер менен камалып келгендигине кайыл болгон жана аны ар дайым ар кыл болжолдуу кодулоолордон калкалай баштаган.

Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “Кызым Вера абакта” аттуу чийме сүрөт. 1944-жж.
Ирма Геккер Худякова Мариинсктеги абакта тарткан “Кызым Вера абакта” аттуу чийме сүрөт. 1944-жж.

6. Жубайлардын туну – Вера абакта төрөлгөнүн Ирма эскерген.

Ирма менен Сергейдин ГУЛагдагы бири-бирине арзуусу аларды өмүр бою кол кармашып турмуш курууга алып келген.

Алардын тун кызы Вера 1944-жылы абакта төрөлгөндүгүн Ирма өзү эскерген.

"...Биздин мөөнөтүбүздөн мурда бошотулуу ыктымалдуулугубузду комиссия карай турган учур келип жетти. Сергей абактан бошотулду, бирок мага [эркиндикке чыгууга] уруксат берилген жок. Менин дагы үч жыл мөөнөт өтөөм талап кылынды.

Лагердеги [Сергейдин] акыркы түнүн чогуу өткөрдүк да, эртең менен ал Мариинскке жөнөп кетти. Бирок ал түшкү тамактануу маалында кайтып келди. Ал өз пальтосун сатып, акчасына тамак-аш сатып алып, кайра мага тамак киргизиш үчүн келиптир.

[Аны менен] кезигишүүлөрүм бошко кеткен эмес экен. Абактык лагердин дарыгери үч айлык боюмда бар экендигин аныктады.

Абакка жаңы кабылганымда пеллаграга чалдыкканымда, дарыгер мындан ары эч төрөй албай турганымды эскерткен болчу, бирок ага карабастан, бул окуя жүзөгө ашып, өзгөчө чоң кубаныч жаратты!..”

Ирма эскерген пеллагра оорусу бир беткей эптеп-септеп тамактанган, бир катар витаминдер жетишсиз учурларда келип чыгуучу жугуштуу эмес илдет болуп саналат. Бул илдеттен ГУЛагда жабыр тарткандар жөнүндө А.И.Солженицын, В.Т.Шаламов, Е.С.Гинзбург сыяктуу жазуучулар өз чыгармаларында чагылдырышкан.

Ирма эне андан ары мындайча эскерген:

“Кызым [1944-жылы] 22-сентябрда төрөлдү. Эсимде, наркоздон кийин жаңыдан ойгонгонумда, медайым чүрпөмдү алып келип: “Сен кыздуу болдуң!” дегенде, мен дароо: “Вера!” деп кыйкырган болчумун.

Наристени абактык наристе жайына (ясли) жайгаштырышты. Бөлмөдө абдан суук болчу. Күз мезгили дагы суук болду, кыш дагы ызгаардуу болуп чыкты. Жада калса наристелер азыктандырылчу бөтөлкөлөрдөгү суу да тоңуп калаар эле.

Мезгил-мезгили менен башка жактан которулган абактагылардын улам жаңы тобу келип жатты. Алар менен кошо келген ымыркайлар көп болчу, алардын көбү ооруп калган балдар эле. Наристе жайында кичинекей “туткундар” ушунчалык көп болгондуктан, тарбиячылар аларды [керебеттерге] биринин башын экинчисинин бутуна баштантып жаткырып уктатып жатышты...”

7. Ирманын сүргүн жайда кармалган кезин эскерүүсү

1945-жылы 8-майда гитлердик нацизмдин жеңилиши Советтер Биримдигиндеги ири ГУЛагдын бардык абактарында жаткан, сүргүндө жүргөн жана “эмгек майданы” делген абак түрүндөгү жайларда укуксуз кармалган миллиондогон советтик жарандарда “эми эркиндикке чыгабыз го” деген зор үмүттү жараткан. Ошондой үмүт менен жашагандардын бири – Ирма Геккер болду.

“Эптеп-септеп көктөмгө да жеттик. Анан Көктөн түшкөн чагылгандай Жеңиш тууралуу кабар келип жетти. Абактын коменданты баракка чуркап кирип: “Согуш аяктады! Жеңиш!..” – деп кыйкырды.

Баары кубанып, ыйлап да жатышты. Камактагылар менен күзөтчүлөр бири-бирин кучактаганын айтайын.

[Абактагылар] чыдамсыздык менен мунапысты күтүп жатышты. Эч ким өзүн “күнөөлүүмүн” деп эсептеген эмес болчу, бүт эле “катачылык кетирилген болчу, эми талдап чыгышат, анан боштондукка чыгарышат да; буга чейин согуштун айынан биздин көйгөй үчүн эч кимдин колу деле бошогон эместир” деп ой жоруп жатышкан.

Бирок мунапыска эң биринчи кезекте кылмышкерлер киргизилип калды.

Оболу абактагы [аялдарды көзөмөлдөгөн кылмышкер] “энелер”, уурулар, сойкулар абактан сыртка бошотулушту. Наристелерди колдоруна көтөргөн биз сыяктуулар аларды эркиндикке узаткан бойдон ичте кала бердик.

Саясий кылмышка таандык болгон 58-берене боюнча соттолгондордон башкасынын баары эркин коё берилди.

Боштондук жарыяланганга чейин бул абакта дагы эки жылдай узак убакытты коротушум керек болчу”.

Булак: Василькова, Дарья. Худякова (Геккер), Ирма Юльевна // Иркипедия. – 2005. – Дата последней редакции в Иркипедии: 29 марта 2015.

Ирма өзүнүн бир аз телчиге түшкөн кызы Вераны боштондуктагы атасына жөнөтө алган.

Акыры 1946-жылдын 10-сентябрында Ирма Геккер өзү да Кемерово облусундагы айтылуу тоолуу Шория жергесинде байырлап жатышкан күйөөсү Сергей менен кызы Верага барып кошулат.

(Бул окуя – Ирма эненин эскерүүсүндөгү эки жылдай убакыт эмес, бир жарым жылдай убакыттан соң болду. Албетте, эненин жүрөгү үчүн ал убакыт эки жылга же андан да көпкө тете эле).

Ирма Геккер Худякова Шиберде геологдор тобунда чийүүчү катары иштеп жаткан кези. 1960-жылдар.
Ирма Геккер Худякова Шиберде геологдор тобунда чийүүчү катары иштеп жаткан кези. 1960-жылдар.

Ирманын кийинки өмүр жолу

Сталинчилердин Ирма Геккерди Шибердеги абактык лагерден белгилүү бир аймактын алкагында эркинирээк жүрө ала тургандай жайкын сүргүнгө чыгарышканы бул сүрөтчү айымдын чыгармачылыгы үчүн кыйла жеңилдиктер жараткан.

Мында ал Тоолуу Шориянын ажайып пейзажын боёк сүрөт аркылуу чагылдыра баштаган.

Жубайлар Шибердеги Кемерово облусунун Крапивинск районуна караштуу Медвежка аттуу кыштакта байырлап жатып, 1947-жылы 8-декабрда уулдуу болушкан.

Алар өздөрүнүн тун кызы Верадан кийин төрөлгөн бул баласына Ирманын ГУЛагда жазыксыз жерден өлтүрүлгөн атасынын урматына Юлий деп ат коюшкан.

Бул бала – болочокку чыгаан археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак таануучу жана Евразия көчмөндөрүнүн тарыхы боюнча адис, профессор Юлий Сергеевич Худяков (08.12.1947 – 24.12.2021) эле.

Ал төрөлгөн тепкедей кыштак Темирчи Ала-Тоо (Кузнецкий Ала-Тау) тоо кыркасынын батыш өңүрүндө жайгашкан. Бул отурукташкан жайда 2010-жылга карата эч жан калган эмес; анын калайыгынын бардыгы туш тарапка көчүп кетишкен.

Бул мурдагы Медвежка кыштагынан чыгышыраакта азыркы тапта кеңирсиген “Кузнецкий Ала-Тау” мамлекеттик коругу жайгашкан.

Ирма (Ирмгардт) Геккер айым 1948-жылы күйөөсүнүн тегатына көчүп, “Ирма Худякова” болуп калган.

1950-жылы алар кенже уулдуу болушуп, ага өз атасынын Сергей деген ысымын ыйгарышкан. Ирма эне 1951-жылы “Чүрпө менен” деген боёк сүрөтүндө кенже уулу Сергейди тарткан.

Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Чүрпө менен” аттуу сүрөттө кенже уулу Сергей чагылдырылган. 1951. Үй-бүлөлүк архивден.
Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Чүрпө менен” аттуу сүрөттө кенже уулу Сергей чагылдырылган. 1951. Үй-бүлөлүк архивден.

Наристе кезинде сүрөттө чагылдырылган Сергей Сергеевич Худяков (1950–1994) кийинчерээк юрист кесибине ээ болуп, Саяногорск шаарынын прокурорунун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

Жазыксыз жерден “эл душманы” атыккан кишинин кызы болгон жана теги жагынан немис болгондугу үчүн эле “тыңчы” катары бөөдө жаманаттыда калган Ирма Худякова айым диктатор Иосиф Сталин өлгөндөн бир жылдан кийин, 1954-жылы гана акталып, паспорт алууга уруксат алып, андан бир аз өткөн соң сүргүн жайдан Иркутск шаарына көчүп келүүгө уруксат ала алган.

Мында ал бир аз убакытка Иркутск көркөм өнөр окуу жайында (Иркутское художественное училище) иштеп турган. Шибердеги бул даңазалуу сүрөтчүлөр өнөрканасы 2010-жылдан тартып И.Л.Копылов атындагы Иркутск облустук көркөм өнөр коллежи (Иркутский областной художественный колледж им. И.Л.Копылова) деп аталып келет. Бул окуу жайды алгач 1910-жылы сүрөткер Иван Лаврович Копылов (1883—1941) көркөм сүрөт өнөрканасы катары негиздеген эле.

Ирма Худякованын бул окуу жайда эмгектенген учурун анын кесиптештери жана шакирттери жылуу пикирде эскеришкен. Арийне, Ирманын СССР Сүрөтчүлөр Биримдигине мүчөлүккө өтүү тууралуу арызын, буга чейин анын абакта жаткандыгына байланыштуу, четке кагышкандыгын да белгилей кетели.

Үй-бүлөнүн атасы Сергей Алексеевич Худяковдун геологиялык сапарлары менен байланыштуу анын бүлөсү кийинчерээк Байкалдын жанында элет жеринде байырлап калышкан.

Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972. Үй-бүлөлүк архивден.
Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972. Үй-бүлөлүк архивден.

Геологдордун тобунда чийме чийип жана техникалык документтерин жөнгө салып иштеп келген Ирма Худякова 1973-жылы, элүү жети жашында, ардагерликке чыккан.

Мындан кийинки өмүрүн Ирма айым “Ардагерликке чыккандан кийинки Кайра жаралуу доору” деп тамашалап айтчу дешет.

Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Сайан тоолорундагы күз” аттуу сүрөт. 1975. Үй-бүлөлүк архивден.
Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Сайан тоолорундагы күз” аттуу сүрөт. 1975. Үй-бүлөлүк архивден.

Сергей Алексеевич Худяков 1984-жылы алтымыш беш жашында капысынан жүрөгүнөн кармап кайтыш болгон. Маркумдун сөөгү Байкал көлүнүн түндүк-батыш жээгинде, Буриятиянын Баргажан (орусча “Баргузин”) ооданына караштуу Максимиха кыштагында жерге берилген.

Ирма Худякованын кыл калеминен бул кооз жаратылышка курчалган Максимиха кыштагынын турмушу жана ажайып элестери жөнүндө бир нече бойок сүрөт жаралган. Алардын арасында Байкал жээги, Максимихадагы күүгүм убак ж.б. тартылган татынакай чыгармалар бар.

Өз өмүрүнүн айрым жылдары Ирма археолог уулу Юлийдикинде (Новосибирск шаарында) жашады, ал эми өмүрүнүн соңку жылдары болсо улуу кызы Вераныкында, Иркутск шаарынан көп алыс эмес Моты кыштагында байырлап турду.

Бул кыштак Орусиянын Иркутск облусунун Шелехов ооданына карайт (“моты” сөзү эвенк тилинде “багыш” дегенди туюнтат).

Ирма эне көкүрөк күчүгү Сергей Сергеевич Худяков 1994-жылы капысынан каза болуп калган соң, өзүн таштап койгонсуду.

Сүрөтчү Ирма Худякова эне ошол эле 1994-жылы дүйнө салды. Анын сөөгү Шелехов ооданындагы азыркы Шаман жергиликтүү башкаруу аймагына караштуу Моты кыштагындагы көрүстөндө жерге берилди.

Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Максимиха” аттуу сүрөт. 1977. Үй-бүлөлүк архивден.
Ирма Худякова (Геккер) тарткан “Максимиха” аттуу сүрөт. 1977. Үй-бүлөлүк архивден.

Эстутум

Орусиянын Шибер жергесинде маркум сүрөтчү Ирма Худякованын (Геккердин) көркөм өнөр мурастарын бир нече музейде кастарлап сактап келишет.

Ал эми үй-бүлөлүк архивдеги фото жана башка маалыматтарды урпактары интернетке жайгаштырып, Суриков институтунан таалим алган мыкты сүрөтчү жана ГУЛагдын шартында да адамкерчиликтин сабагын алып, тирөө калган боорукер эне болгон бул инсан тууралуу дүйнөнүн төрт бурчуна маалымат таркатышууда.

XXI кылымдын башындагы орусиялыктар “Иркипедия” сыяктуу ачык интернеттик казыналарда жана башка интернет барактарында Ирма Худякованын (Геккердин) өмүр жолун калыс жана ар тараптуу чагылдырып калышты.

Тээ 1990-жылдарда күз айларынын биринде Кыргызстандын ордо шаары Бишкекке кезектеги илимий сапары менен келип калган археолог, профессор Юлий Сергеевич Худяков экөөбүз борборубуздагы тоталитардык доордун курмандыктарына арналган эстеликке келип, гүлчамбар коюп, жазыксыз набыт болгон бабаларды эскерип тунжурап турганыбыз эсимде.

Көрсө, Юлий Худяков агайыбыз дал ушул шаарыбыздагы сталиндик капаста кышы бою отуруп, сыртка эч чыга албастан, абактын темир тордуу терезеси аркылуу асман мелжиген Ала-Тоонун чокусуна суктана караган жана тамеки чегүү үчүн таркатылган кагаздан эптеп сурап алып, карандаштын калган-каткан учу аркылуу бул сулуулукту чиймеде жашырынып чагылдырууга үлгүргөн сүрөткер энесинин жана ага атыктуу жаншерик болгон атасынын элестерин да эскерип жаткан тура.

Маркум Ирма Худякова (Геккер) айымдын өзү Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде эч кезбесе да, эми анын чыгармаларынын көчмө көргөзмөсү бул ажайыпкананын бир өңүрүндө жайгашып калаар.

Ирма эненин уулу Юлий тууралуу кыргызстандыктар абдан мыкты билишет. Юлийдин энеси да жалпы дүйнө жүзүндө, анын ичинде кыргызстандыктар тарабынан да, терең урмат менен эскерилүүгө толук татыктуу.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG