Дарыгерлер Кыргызстанда жугуштуу эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары көп катталып, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатканын эскертүүдө.
Жыл сайын бул илдеттерге чалдыккандардын саны 1500гө чукулдайт. Адистер оорунун алдын алуу кыйын болуп жатканын да белгилеп жатышат.
Ветеринарлар жугуштуу илдет менен күрөштү күчөтүү үчүн кайрадан улуттук программа киргизүү керектигин айтып чыкты. Оору үй жаныбарларынан жугат жана анын белгилери илдет өтүшүп кеткенде гана билине баштайт.
"Альвеококкоз көп жыл билинбей жүргөн"
Ысык-Көлдүн Оргочор айылынын тургуну, 28 жаштагы Элдияр Курушбеков жаз айында альвеококкоздон көз жумган. Атасы Уланбек Курушбековдун айтымында, ал операциядан кийин алты ай гана жашаган. Диагноз өтө кеч коюлуп, оорусу өтүшүп кеткенде гана билинген экен.
“Оорунун белгилери болгон жок. Ал өзү Бишкекте келинчеги, төрт жаштагы кызы менен жашайт эле. Бели ооруп атканын айтып, томографияга барган. Анда дарыгерлер белинде маселе жок экенин, ультра добуш изилдөө (УДИ) аппаратына түшүшү керектигин айткан. Ошондо баламдын боорун альвеококкоз курту басып кеткени, анын көлөмү аябай чоң экени билинди. Мамбет Мамакеев атындагы оорукананын хирургдары дароо операцияга алабыз деп чыкты. Алар баламдын операциясы жеңил эле болот, аман калат деген эле. Адистер боорунун 80%, ага кошуп өтүн да алышты. Операциядан кийин дарыгерлер уулумдун жарабай калды деген боорунун бөлүгүн сүрөттөн көрсөттү. Анда боору ириң басып, башкача болуп турганы көрүнөт. Көрсө, боор чоңоюп, бир кан тамырды кысып калганда гана бели ооруган экен. Билбей жүрө бергенибиз өкүнүчтүү болуп калды. Балким, биз эртерээк кам көрүп, жыл сайын текшерүүдөн өтүп турганыбызда, Элдияр тирүү калып, арабызда жүрөт беле?”, - деп өксүйт атасы.
Элдиярдын боорунда мите курттун жашаганына 15 жылдан ашык убакыт болгонун ага операция жасаган дарыгерлер божомолдоп айткан.
“Биздин ит, мышык бакпай калганыбызга 10 жылдан ашып калды. Андыктан альвеококкозду кантип жуктуруп алмак элек, үйдө жандык жок дедик. Бирок адистер уулум бала кезинен бул куртту алып жүргөн итке жакындап койгон деп айтышты. Биз Элдияр ооруганда гана бул өтө коркунучтуу оору экенин билдик. Операциядан кийин балам алты ай гана жашады. Ал ортодо улам дарыгерлерге көрүнүп, бейтапканага жатып атты. Биз жашап кетет деп абдан үмүт кылган элек. Дарыгерлер бизди да текшерүүгө алды. Элдиярдын келинчеги, кызы, бир туугандары, ата-энеси, айтор баарыбызды текшеришти. Бирибизден да мите курт табылган жок. Бирок жылына текшерилип турууну оң көрүп атабыз, анткени убагында текшерилбегендин кесепети оор болорун өз көзүбүз менен көрдүк. Элдиярга оору ал мектепте окуп жүргөндө эле жуккан деп атпайбы дарыгерлер. Биздин коомдо, тилекке каршы, жыл сайын барып текшерилип туруу маданияты калыптана элек, өзгөчө айыл жергесинде".
Уланбек Курушбеков мектепти аяктап аткан ар бир окуучуну медициналык кароодон өткөрүү учурунда боорун да текшерүү керек деп сунуштады. Өзгөчө айыл жергесинде шарт жок болгондуктан, ата-энелер балдарын УЗИге түшүрүп, анализ тапшыртып, ден соолугун жылына текшертүүгө чамасы, каражаты да көбүнчө жетпейт.
Маркум Элдияр Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы жогорку окуу жайында, андан кийин Орусиядагы Аймак таануу институтунда магистратурада окуган. Ал быйыл аспирантурага тапшырып, илимий кызматкер болом деген тилегин орундата албай калды.
Ал кайтыш болгондон кийин Жети-Өгүз районунда 700дөн ашык жолбун ит атылып, аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын акимдин орун басары Венера Бейшебаева маалымдады. 2023-жылдын апрелинен тарта бул райондогу алты айылдын эли текшерүүдөн өтүп, Бишкектен чакыртылган паразитолог дарыгерлер мектептерде да иш жүргүзгөн. Ал эми ультраизилдөө адистери окуучулардын боорун текшерип, алардын арасынан эки учурду аныктаган.
“Биздин райондо эхинококкоз жана альвеококкозго байланыштуу кырдаал абдан оор болду. Ошол себептен улам биз паразитологдор менен иштештик. Бишкектеги Медициналык академиядан паразитологдор аппараттары менен келип, алты айылдын тургундарын медициналык көзөмөлдөн өткөрдүк, канынан анализ алдык. Жыйынтыгында бир топ адамдан бул оорулар аныкталды. Ветеринарлар, дарыгерлер менен кеңешип, жолбун иттерди атуу керек деген тыянак чыгарганбыз. Маселен, ооруну алып жүрүүчү эки ит бар экен. Бүгүнкү күнгө чейин 800гө чукул ит атылып, жок кылынды. Бул иштер уланууда. Биздин текшерүүлөрдөн кийин төрт киши альвеококкоздон операция болуп келишти, азыр абалы туруктуу. Мектептерде, бала бакчаларда түшүндүрүү иштери уланып жатат”, - деди Бейшебаева.
Альвеококкоз деген эмне?
Альвеококкозду алып жүрүүчүлөр - түлкү, карышкыр жана кемирүүчүлөр Кыргызстандын айылдарында негизги тиричилик мал чарбасына байланыштуу болгондуктан, бул ооруну жугузуп алуу коркунучу күч. Маселен, жаз-жай айларында малчылар жайыттарга мал-жандыктарды кайтаруу үчүн иттерин ээрчите кетет. Аларга ээси убагы менен тамак бербегендиктен, иттер кемирүүчүлөрдү жеп, ооруну жуктурат. Итти кармаган кичине балдар, үй ээси да дароо кооптуу жана аялуу катмарга кирип, көбүнчө өздөрүнүн үй жандыктарынан альвеококкозду жуктуруп алат.
Альвеококкозго чалдыккандардын 90% оорусу өтүшүп, боорунун 70-80% жарабай калганда дарыгерлерге кайрылат. Мындай учурда адистер жардам берүү кыйын болуп каларын эскертет. Ошондуктан чет жерге операцияга баруу үчүн акыркы жылдары көптөгөн кыргыз жарандары коомчулукка кайрылып, чет элдик фонддордон көмөк сураганга мажбур болуп жатканы маалым. Азыркы тапта Индия, Түркия өңдүү өлкөлөргө барып боорду алмаштыруу чоң каражатты талап кылат.
"Эхинококкозду дарыгерлер дароо аныктай алган жок"
Соңку жылдары Кыргызстанда эхинококкоздон да жабыркап, операцияга баргандардын саны 1 миңден ашууда. Алардын 15% 14 жашка чейинки балдар. Айрым учурда 4-5 жашка чыгып калган кичинекей балдарда да бул оору аныкталып, каттоого алынууда. Алдын алуунун бирден бир жолу – ооруну убагында аныктоо. Дагы бир жолу - короодогу иттерди эмдеп, мите курттарга каршы дары берип, үй жандыктарына кам көрүү.
Бирок Кыргызстанда бул иш жолго коюла электигин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгер- паразитологу Гүлнара Миңбаева айтат:
“Бир жыл ичинде 800-1000 учур катталууда, анын 200ү альвеококкоз, калганы эхинококкоз. Бизди түйшөлткөнү, оорулар 14 жашка чейинки балдар арасында көп болууда. Альвеококкоз да, эхинококкоз да иттен жугат. Ал бул мите куртту алып жүрүүчүлөрдү жейт. Ит заңдагандан кийин курттун жумурткалары топуракта, оонаган жерде, айтор бүт жерде калышы мүмкүн. Ошондуктан биз эң негизгиси тазалыкты сактап, колду жууп жүрүү сыяктуу эң жөнөкөй эрежелерди унутпашыбыз керектигин такай айтып келебиз. Калктын саламаттыгы үчүн жыл сайын короосунда ит кармагандарга бекер дары таратылат. Аны жылына төрт жолу итке берип турса, оору жукпайт, анын ичиндеги мите курттар өлөт. Калкыбыз өзү гана эмес, коом алдында да жоопкерчиликтүү экенин түшүнгөндө гана оорудан арылышыбыз мүмкүн”.
2023-жылдын август айында Бишкекте өткөн эхинококкоз боюнча бүткүл дүйнөлүк конгресске 23 өлкөдөн кесипкөй дарыгерлер жана эксперттер катышкан. Ага катышкан дарыгер паразитолог Жумагүл Усубалиева коңшу Казакстанды мисал келтирип, эки өлкөдөгү соңку абалга токтолгон, биздин республикада эхинококкоз тез жайылып жатканын айтып тынчсызданган.
Усубалиеванын белгилешинче, эгерде Казакстанда 100 миң адамдан үч адам эхинококкозго чалдыкса, Кыргызстанда 100 миң кишиге алты оорулуу туура келет.
Салыштырмалуу айтканда, мындан 30 жыл мурда Кыргызстанда эхинококкоз менен жылына болгону 2-3 гана адам катталып келген. Ал эми 2022-жылы бул көрсөткүч 800гө жетти.
55 жаштагы Мирбек Исмаилов Нарындын Ат-Башы районунда жашайт. Соңку төрт жылдан бери ал эхинококкоз менен алпурушуп, ден соолугу үчүн күрөшүп келатат. Ал оорунун айынан иштей албай калган.
“Жөн эле текшерилгени барганда оору аныкталып калган болчу. Мен Бишкек-Нарын каттамында жүргүнчү ташып, үй-бүлөмдү багып келдим эле. Оору ден соолугумду алып, аны менен кошо ишимден да четтетип койду. Азыр үчүнчү топтогу майып катары каттоодо турам. Иммунитети жакшы адам мындан өзү күрөшүп жүрүп арылышы мүмкүн экен, бирок мен айыга албадым. Азыр дары менен жашайм, эки-жакка чыгуу кыйынга. Мал союп атканда айылда мен көп нерсеге маани бербесем керек. Колду шар аккан арыктагы сууга жууп коюп эле жүрө беребиз. Ошондо абайлап, тазалыкты сактасам, балким, азыр мынча кыйналбайт элем. Себеби жылда ооруканада жүрүп, 9-10 жолу операция болгондорду көрдүм. Көбү арыктап, баса албай, кээси сүйлөй албай да калат экен. Жашырганда эмне, көбү кой сойгондо боор же өпкөсү жакшы чыкпаса, итке ыргытып коёт. Же болбосо канын итке куюп берет. Бул такыр туура эмес экен. Айланып келип өз башыбызга тийчү таяк экенин эске албасак, бала-чакабыз менен ооруп калсак, эмне болот? Ошого жоопкерчиликтүү болуу керек”, - дейт ал.
Эхинококкоз деген эмне?
Көбүнчө балдар ит менен ойногондо, митени жугузуп алышат. Оору мындан сырткары ылаңдуу койдун жүнүн кыркканда, митенин жумурткалары менен булганган тамак-ашты жегенде жугат. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, өпкөгө, мээге жана башка органдарга өтүп, личинкага айланат. Ал акырындык менен өсүп, андан ыйлаакчага айланат. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүлүп, оору пайда болот.
Ит эхинококкоз менен ылаңдаган малдын өпкө-боорун жегенден кийин ылаңдайт. Ичегидеги мителер өсүп, 55—60 күндүн ичинде кадимкидей жетилген жумурткалуу митеге айланат. Жумурткаларын айлана-чөйрөгө бөлүп чыгаруу менен адамдарга жана малга эхинококкозду жугузат.
Кыргыз Улуттук агрардык университетинин окутуучусу, дарыгер ветеринар Замира Келдибекова эхинококкоз жана альвеококкозго байланыштуу кырдаал курч тургандыктан, улуттук программа кабыл алып, аны жүргүзүү керектигин белгилеп жатат. Маселен, мындай программа 2018-жылдары иштеп, жакшы жыйынтыктарды берген.
“Азыр мамлекет буга өтө кайдыгер карап жатканы өкүндүрөт. Чоңдор эмес, кичине балдар ооруп атканы коом үчүн, өлкө үчүн коңгуроо болушу керек эле да. Биз азыр дагы аймактарга чыгалы, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү, көмөгүбүздү берели, студенттерди алып баралы десек, каражат жок деп токтотуп коюшту. Калк өзү да мал союу эрежелерин сактап, жайыттарга чыкканда, малды айылдын тегерек-четине жайганда, ит бакканда эрежелерди сактоосу абзел. Азыр илимий кызматкерлердин да күчүн колдонуп, бул жаатта бардык тиешелүү мекемелер менен тыгыз иш алып барышыбыз зарыл болуп турат. Азыр канчалаган ветеринарлар, дарыгерлер коңгуроо кагып, абалдын курчуп кеткенин айтканы менен, реакция аз болууда. Жок дегенде эл аралык донорлордун көмөгүн сурайлы. Азыр "Азинокс" дарысын иттерге берип атабыз, бирок дарыгерлер ал натыйжалуу болбой, иттерден кайра эле эхинококкоз чыгууда. Мурда биз берип жүргөн "Празиквантел" азыр жок, себеби анын баасы жогору, алып берүүгө мамлекеттин күчү жетпейт. Улуттук программа ишке ашпаса, кайдан жыйынтык болмок эле. Мурда бул оорулар өтө кооптуу деп улуттук программанын тизмесинде турган. Анын алкагында бир канча эл аралык донорлор, мамлекет өзү дарыларды алып берип, алыскы аймактарга адистерди жиберип, оорунун келип чыгуу себептерин, аны менен күрөшүү жолдорун түшүндүрүп, жок кылуу иштерин жүзөгө ашырууга шарт түзүлчү. Адамга жуккан бул оорулар өтө кооптуу, улуттун саламаттыгына терс таасирин тийгизиет. Альвеококкоз - ракка тете оору, анын тамырлары жайылып, адамды өлтүрүп тынат. Ал эми эхинококкоз өтүшүп кетсе, адамды майыптыкка чейин алып барат. Ошондуктан улуттук программага ушу эки ооруну киргизип, аны менен күрөшүүнү күчтөндүрүү керек", - деди Келдибекова.
Кыргыз улуттук агрардык университети 2022-жылы май айында 70 студентти алып, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна барган. Анда алар ар бир үйдү кыдырып, короодогу иттерге альвеококкоз жана эхинококкоз оорусун козгогон мите курттарга каршы дарыларды берип, кутурмага каршы ийне сайып кайтышкан.
Келдибекова ошондой эле жер-жерлерде илимий изилдөө иштерин күчөтүү зарылдыгын айтууда.
Соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда эхинококкоз болгондор 1,3 эсе көбөйгөнү буга чейин маалымдалган. Жыл сайын өлкөдө бул илдеттин ыйлаакча сымал түрүнө кабылган миңдей бейтап катталууда.
Оорудан хирургиялык операция жолу менен гана арылууга болот, бирок бейтаптардын 35% өмүр менен кош айтышат. Дүйнөдө эхинококкозго жыл сайын жарым миллионго жакын адам чалдыгууда.