Бишкектеги жугуштуу оорулардын бейтапканасында ушу тапта беш жашка толо элек балдар көп. Дарыгерлердин маалыматында, аталган клиникага күнүгө 200дөн ашуун бейтап кайрылат.
Бир жарым жаштагы Арзымат мындан бир нече күн мурда кусуп, ичи өтүп келген.
- Жер-жемиш жегенбиз. Дароо эле кусуп, дене табы көтөрүлүп кетти. Тамак ичпей шалдырап жатты. Бул жакка алып келсек, менин балама окшоп ооругандар аябай көп экен. Дарыгерге кезек күтүп эки сааттай туруп калдык. Догдур дароо эле ооруканага жаткырды. Антибиотик сайып, тамчылатма дары куюп жатышат. Азыркы акыбалы жакшы. Бир нече күндөн кийин үйгө кетебиз, - деди баланын энеси.
Жугуштуу ооруларды дарылаган догдур Надыр Жообаев акыркы маалыматтар боюнча буларга токтолду:
- Жугуштуу ичеги-карын оорусуна чалдыккандар азыр аябай көп. Акыркы маалымат боюнча кечээ бир сутка ичинде 278 кайрылуу түшкөн. Алардын 102си ич өткөк дартынан жабыркагандар экен. Жарымынан көбүн ооруканага жаткырып, дарылап жатабыз. Ооругандардын басымдуусу балдар.
Дарыгерлердин айтымында, жай айында ич өткөк дартын таза жуулбаган жер-жемиштер аркылуу келген бактериялар козгойт.
Жообаев ооруну антибиотик баштаган ар түрдүү дарыларды чаржайыт колдонуу да күчөтүп жатканын белгиледи:
- Антибиотиктердин башаламан сатылганы Кыргызстандагы эң көйгөйлүү маселе. Бизге кайрылгандардын дээрлик 80 пайызы өз алдынча ар түрдүү дарыларды ичет. Алгач түшкөндө эле бейтаптын заңын анализге алып, кайсы бактерияга туруктуу экенин беш күн ичинде аныктайбыз. Ошондо анализде бактерияга туруктуулук өтө жогору болуп, эң оор антибиотиктерди колдонууга аргасыз болуп жатабыз. Кыргызстанда антибиотикти рецепт менен гана сатса, мындай кыйынчылыктарга кабылбайт элек. Себеби, ичи өткөн адамдын абалы бир нече саатта эле начарлап, алгач бөйрөк, боор органдары жабыркап, реанимацияга түшүп жатат. Өз алдынча антибиотик ичкендерге маалында дарылоо түрүн тандай албай кыйналып жатабыз.
Нитратты азайтуунун жолу
Бишкек шаарында сатылып жаткан бакча жемиштерин көзөмөлдөөнү шаардык фитосанитария кызматы аткарууда.
Фитосанитар-дарыгер Шамен Марасулов жер-жемиштеги нитрат сыяктуу жер семирткич, оор металлдардын таасирин азайтуу үчүн муздак сууга чылап анан жеш керек деп кеңеш берет.
- Жерде өскөн жемиштерди базардан алып келгенден кийин ваннадагы сууга 15-20 мүнөт чылап, таза жууп анан дасторконго койгон оң. Дарбыз, коондогу оор металлдарды, жер семирткичтерди агын сууга салып кетирсе болот. Июнь айында биз Бишкектеги базарларда сатылган жашылча-жемиштеги жер семирткичтин көлөмүн күн сайын текшерип жатабыз. Азырынча нормадан ашкан учур каттала элек. Мындай учурлар былтыр болгон. Ошентсе сактыкка кордук жок эмеспи.
Фитосанитар ит-мышыктын топуракта калган заңындагы альвеококкоз, эхинококкоз сыяктуу боордун мите курттары жуулбаган жер-жемиш аркылуу жугарын эскертет.