Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Ташкент: Экономикалык кызматташуу уюмунун саммитине тогуз лидер катышат


Экономикалык кызматташуу уюмунун 15-саммитти 2021-жылы Ашхабадда өткөн.
Экономикалык кызматташуу уюмунун 15-саммитти 2021-жылы Ашхабадда өткөн.

7-8-ноябрда Өзбекстандын баш калаасы Ташкет шаарында Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) 16-саммитти өтөт. Бул тууралуу өлкө президентинин маалымат кызматы билдирди.

“Иш-чарада Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Түркиянын президенттери менен өкмөт башчылары катышары күтүлүүдө”, - деп жазылат билдирүүдө. Жыйынга өзбек президенти Шавкат Мирзиёев төрагалык кылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, саммиттин катышуучулары соода-экономикалык, инвестициялык, транпорт-коммуникациялык жана гуманитардык ич ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Уюмдун буга чейинки жыйыны 2021-жылы Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өткөн. Экономикалык кызматташуу уюмун 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия түзгөн. Анын баш кеңсеси Тегеранда жайгашкан.

Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан бул уюмга 1992-жылдан бери мүчө.

XS
SM
MD
LG