Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Закарпатьелик аскерлердин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Закарпатье облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Иллюстрациялык сүрөт.
Закарпатье облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Закарпатье бригадасындагы аскерлердин өлүмүнө байланыштуу комментарий берди. Ал жекшембиде адатка айланган видеокайрылуусунда "бул трагедиянын болтурбай коюуга болмоктугун" айтты. Кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын, иликтөөдө кандуу окуя кандай болгону, кимдин тапшырмасы туура эмес экени аныкталышы керектигин билдирди.

"Коргоо министри Умеров мага окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар, кандай тапшырамаларды бергени тууралуу мага маалымат берди. Трагедияга байланыштуу кылмыш иши дагы ачылды. Тиешелүү тергөө иштери уланып жатат",-деди Зеленский.

Мунун алдында министр Рустем Умеров Закарпатье бригадасындагы аскерлердин өлүмүн текшерүү буйругун бергенин билдирген.

Ага чейин жергиликтүү басылмалар, бийлик өкүлдөрү Орусиянын аткылоосунан Запорожье облусунда майданга жакын жерде сыйлыктарды тапшыруу аземине чогулган ондогон жоокер набыт болгонун жана дагы бир канчасы жараат алганын билдирген.

Канча аскер каза тапканы азырынча расмий айтыла элек. Закарпатье облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, 3-ноябрда эртең менен аскерлер артиллерия кунүнө карата медалдарды тапшыруу салтанатына фронтко жакын жердеги айылга чогулганда орусиялык “Искандер” ракетасынан сокку урулган. Ошондо көптөгөн жоокерлер өлгөнү кабарланган.

"Украинская правда" гезити Ички иштер министрлигине шилтеме менен жоготуулар 20дан ашканын жазган.

Орусиялык "Рыбарь" деген Телеграм канал булакты айтпастан, 50 киши каза болгонун маалымдаган. Адатта согуш шартында тараптар душмандын жоготууларын көбөйтүп көргөзөт.

XS
SM
MD
LG