Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Блинкен Газанын жай тургундарын коргоо талабы менен Израилге барды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 3-ноябрда Израилге барып өлкө лидерлери менен жолукту. Ал Израил жетекчилигин Газадагы карапайым тургундарды коргоого чакырды.

ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 240тай кишини барымтага алышкан. Ошондон бери Израил бийлиги Газа тилкесин блокадага алып, абадан тынбай сокку уруп келет. 2-ноябрда Газа шаарын курчоого алып, аскерлерин киргизгени маалым болду.

Израилдин президенти Исаак Герцог менен жолугар алдында Блинкен Израил мындай чабуулдар кайталанбаш үчүн "колунан келген аракетин жасоого укугу бар экенин" айтып, бирок Израил муну "кандай жол менен ишке ашырары маанилүү" экенин кошумчалады.

1-ноябрда АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги гуманитардык апаатты алдын алуу үчүн "гуманитардык тыныгуу" керек экенин билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израил армиясынын аба соккуларынан набыт болгондордун саны тогуз миңден ашты. Алардын үч миңден көбү балдар экенин буга чейин ЮНИСЕФ белгилеген.

XS
SM
MD
LG