Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев коомчулукта талкуу жаратып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент кылдат карап, журналисттердин жана жарандардын сунуш-пикири эске алынарын билдирди. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгиледи.
“Бизде сөз эркиндиги көп болгону менен, жоопкерчилик жагы кейиштүү. Айрыкча мамлекеттик же жеке тармактын адамы болобу, алардын аброюна шек келтирип, жалган, такталбаган маалымат таратуу адат болуп калган. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда сурасам, алар фейк, жалган маалымат таратуу жаатында күчтүү чаралар бар дейт. Бизде ушул жагын тартипке салалы десек, нааразылыктар менен коштолот”, - деди Шакиев.
Төрага мыйзам долбоорун парламентте кароо учурунда ЖМКлардын эркиндигин коргоого маани берилерин айтып, жоопкерчиликти күчөтүү да көз жаздымда калбай турганын тактады.
Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз пикирин эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова соңку демилгелер сөз эркиндигине, демократиялык көрсөткүчтөргө коркунучтарды жаратып жатканын эскертти.
“Бул мыйзам долбоорунун артында журналисттердин келечегине байланыштуу маселе турат. Журналистика калабы? Сөз эркиндиги болобу? Биз жарандар чындыкты айта алабызбы? Ошол себептүү сиздер биринчи кезекте журналисттердин пикирин угасыздар деп ойлойм. Сураныч, аларды угуңуздар. Бизде мүмкүнчүлүк бар”.
Президенттин администрациясы бул долбоорду азыркы мыйзам эскирип, заман талабына жооп бербей калган деген негизде иштеп чыккан. Жарандык коом, ЖМК өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар мыйзамга сөз эркиндигин чектей турган ченемдер кирип жатканына кабатыр. Мыйзам долбооруна карата сындар айтылгандан кийин президент Садыр Жапаров 21 кишиден турган жумушчу топ түзгөн. Бирок ага кирген эркин медианын өкүлдөрү алар берген сунуштар эске алынбай жатканын айтып кеет.
Бул жумушчу топко кирген журналист, bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков буларга токтолду:
"Мыйзам журналисттерге жардам берип, күчтөндүрүп, өнүктүрүп, аларды фейктер, туура эмес маалымат менен күрөшсүн, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эки тараптуу кылып чагылдырсын деген ченемдерди күткөнбүз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Жалаң эле бөгөттөө, басмырлоого ылайыкталган мыйзам болуп калды”.
Октябрдын башында бул документ боюнча Венеция комиссиясынын корутундусу чыккан. Анда азыркы варианттагы долбоор кабыл алына турган болсо, адамдын эркин пикирин билдирүү укугу бузулары, өлкөдө коомдук көзөмөл институтунун ролун аткарган эркин медиалар үчүн олуттуу кесепеттер жаралары жазылган. Комиссия кооптуу беренелерди белгилеп, катаал чаралардан баш тартууну, мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштаган.
Акыйкатчы институту да мыйзам долбоорунда бири-бирине каршы келген ченемдер бар экенин аныктаган.
“56 берененин айрымдары кайра жеткире иштеп чыгууга муктаж, айрымдарын эл аралык ченемдерге шайкеш келтирүү керек деп ойлойсуз. Биз, Акыйкатчы институту, бул маселеде тараптарды диалогго чакырып, көпүрө болуп берүүгө даярбыз”, - деди акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы да ЖМК жөнүндө азыркы мыйзам заман талабына жооп бербей калганын, аны өзгөртүү муктаждыгы жаралганын кошумчалады.
Жыйынга БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве да катышты. Ошондой эле Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун медиа тармагында иш алып барган өкүлдөрү баяндамасында долбоордогу сөз эркиндигине жана адам укугуна каршы келген жагдайларды атады.
Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бул мыйзамдын кесепети бир гана ЖМКларга жана журналисттерге эмес, ишкер чөйрөгө да тиет деген ойдо.
"Демократиялык өлкөдө бийлик бутактарын тизгиндеп турган институттар болушу керек. Булар ЖМКлар, жарандык коом, биримдиктер, эксперттер. Эгер алар болбосо, бийликтин чечимдеринин сапаты төмөндөп, кесепеттерге алып келет. Мыйзам долбоорунда такталбаган түшүндүрмөлөр көп. Мисалы, веб-сайтты каттоо боюнча карасак. Мында ЖМКга тиешеси болбогон ишкер чөйрөдөгү веб-сайтта деле элге маалымат таратылат. Долбоордогу ченем боюнча ушундай сайттарды да каттоого алыш керек болуп калат. Мында веб-сайттардын ишин токтотконго да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр берилиптир. Көзөмөлдөй турган орган катары да үч мекемени - Юстиция министрлигин, Санариптик өнүктүрүү министрлигин жана Башкы прокуратураны жазышыптыр. Биз бул мыйзам долбоорун жакшыртууга баарыбыз аракет кылышыбыз керек".
Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
Бирок кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.