Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:03

Кыргызстандык дагы бир ишканага Орусияга балык ташууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Россельхознадзор ишканасы Кыргызстандагы "А2" балык чарбасына азыктарды Орусияга ташууга уруксат берди. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов 31-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Кыргызстандын алты ишканасы Орусияга балык экспорттоп жатат. Тогуз ай ичинде Орусияга жана Казакстанга 2994 тонна балык жөнөтүлгөн.

Быйыл февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыгын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Ага кыргызстандык ишкерлер алып барган балыктан жана икрадан мите курттар чыкканы тууралуу дооматтар негиз берген. Июнда бир катар балык чарбаларга уруксат берилген.
Кайра апрель айында Кыргызстандан сүт азыктарын да ташып келүүгө тыюу салып, июнда кайра уруксат берген.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаа-удаа билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Россельхознадзор кыргызстандык "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген "Тойбосс" компаниясы дооматты четке каккан.(MKt)

XS
SM
MD
LG