Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:13

Кыргызстан менен Кытай Кара-Кечеде көмүр кенин байытуучу завод курат


"Кыргызкөмүрдүн" директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай. Келишимге кол коюу учуру. 30-октябрь, 2023-жыл. Бишкек.
"Кыргызкөмүрдүн" директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай. Келишимге кол коюу учуру. 30-октябрь, 2023-жыл. Бишкек.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык "Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент" компаниясынын ортосунда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу жөнүндө келишимге кол коюлду. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, келишимге "Кыргызкөмүрдүн" директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай кол койду. Ага ылайык, заводдун курулушун биргелешип жүргүзөт жана тараптардын узак мөөнөттүү долбоорлорду чогуу ишке ашырат. Тараптар Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында иш жүргүзө турганы белгиленген.

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлган. Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

Быйыл августта Үрүмчүдө өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда курулуш, гидроэнергетика жана билим берүү тармактары боюнча 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлган.

Кытай - Кыргызстандын эң башкы инвестору. Майдын аягында өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн долларды түзгөн. Бул сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Бээжинге төлөнчү карыз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG