Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:04

Быйыл 9 айда Өзбекстандан 181 миңден көп киши эмиграцияга кетти


Ташкент шаары
Ташкент шаары

Быйыл 9 ай ичинде Өзбекстандан 181 миңден көп киши чет жактарга көчүп кетти. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, эмиграцияга кеткендердин 42 пайызын эркектер, калгандарын аялдар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда, 81,3% Казакстанга, 15,3% Орусияга, 0,5% Кыргызстанга, 0,5% Түштүк Кореяга жер которгон.

Агенттик былтыркы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда Каракалпакстандан кеткендер 168,4 %, Навои облусунан кеткендер 143,7%, Ташкенттен кеткендер 115,4% көбөйгөнүн аныктаган.

Муну менен катар соңку 9 айда өлкөгө башка мамлекеттерден 168,7 миң киши иммиграциялаган. Алардын дээрлик 40 пайызы - Орусиядан келгендер.

XS
SM
MD
LG