Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Ноябрда Кыргызстанда жашыл экономика боюнча иш-чаралар өткөрүлөт


1-ноябрда Кыргызстан боюнча “Жашыл экономика күндөрү” деп аталган бир айлык акция башталат. Аны Экономика жана коммерция министрлиги уюштурууда.

Мекеме климаттын өзгөрүшүнүн шартында жашыл энергетиканы, туруктуу айыл чарбаны, туризмди жана зыянсыз транспортту өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

Акция 16-ноябрда Бишкек шаарында “Жашыл экономика – 2023” аймактык форуму менен аяктайт.

“Жашыл экономиканы өнүктүрүү” программасынын алкагында ар кыл иш-чараларды өткөрүү белгиленген.

2018-жылы “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” деп аталган концепция кабыл алынган. 2019-жылы өкмөт “Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү” программасын жарыялаган.

Анын иш планы 2023-жылдын соңунда жыйынтыкталат. (KbA)

XS
SM
MD
LG