Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

"Пайданы гана көздөгөн көпөстөр". Депутат курулуштун сапатынан шектенди


Бишкектеги курулуштардын бири.
Бишкектеги курулуштардын бири.

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Медербек Алиев Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайлар көбөйгөнүн, алардын сапатына байланыштуу суроо көп экенин билдирди.

Ал мыйзамды сактабаган курулуш компанияларына чара көрүүнү укук коргоо органдарынан суранды. Мамлекеттик курулуш агенттиги депутаттын айткандарын четке кагып жатат.

Мекемелер аралык комиссия, депутаттын "кара тизмеси"

Мекемелер аралык комиссия Министрлер Кабинетинин тескемеси менен быйыл май айында түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Медер Алиев менен Марлен Маматалиев да кирген. Комиссия курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшермек. Комиссия түзүү Түркиядагы ааламаттан кийинки өкмөттүн аракети эле.

25-октябрда комиссияга мүчө болгон эл өкүлү Медер Алиев баяндама жасап, жаңы курулган үйлөрдүн сапатынан шек санады.

Медер Алиев.
Медер Алиев.

“Биз мыйзамсыз курулуштарга кайдыгер карабашыбыз керек. Буга байланыштуу кылмыш иштер козголуп жатканы менен, мыйзамсыз курулуштар токтогон жок. Бардык мыйзамдык талаптарды аткарган компаниялар да жок эмес, бар. Бирок жалпы курулуш компаниялардын 60% - мыйзамды көзгө илбей, эптеп пайда көрөм деген коммерсанттар", - деди ал.

Медер Алиев жаңы салынып аткан көп кабаттуу үйлөрдөгү төрт маселеге өзгөчө басым жасады:

  • Башаламан курулуштардын айынан тоо тараптан келген шамалдын багыты өзгөрүп, шаарды каптаган ышка себеп болууда.
  • Бишкектеги көп сандаган курулуштардын айынан таза суу тартыштыгы жаралып, канализация, электр энергиясына да ашыкча жүк келип жатат.
  • Курулуштарда өрт коопсуздугу сакталган эмес. Депутат кырсык чалып кетсе, анын кесепети өтө оор болорун айтты.
  • Жаңы салынып аткан көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугу.


Медер Алиев имараттардын көбү талапка жооп бербейт, жер титирөөгө туруштук бере албайт деп эсептейт.

Депутат бул айткандарына буга чейин жеке компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн курулушка жооптуу кызматкерлердин кармалышы далил болуп берерин да билдирди. Ушундай окуялардан улам Бишкек шаар тибиндеги айылга айланып калды деди Алиев:

“Биз курулуш компаниялардын тизмесин түздүк. Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышынан шек жараткан мындай компаниялардын тизмесин эл алдында Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКга өткөрүп бергим келет. Мен аларга кайрылып, пайданы гана көздөгөн көпөстөрдү текшерип, Кыргызстандын мыйзамдарын аткарууга мажбурлоосун өтүнөм”.

Депутаттын “кара тизмесине” канча, кайсы курулуш компаниясы киргени белгисиз бойдон калды. Ал өзүнүн баяндамасында эч бир компаниянын атын атаган жок.

Парламенттеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев да мекемелер аралык комиссия максатына жетпегенин айтып, ага мындай жүйөлөрдү келтирди:

“Биз эки-үч жолу жыйында болдук. Бирок реалдуу иш алып барышканына көзүбүз жеткен жок. Баягы эле сүйлөмөй, чогулмай. Көрсөтмө үчүн эле бир-эки объектиге барып келгендей болдук. Андан өтө турган жумуш аткарылган жок. Ошон үчүн Медер экөөбүз өзүнчө иш кылалы дедик. Курулуш боюнча биздин кооптонууларыбыз жокко чыккан жок. Бир топ суроолорубузга жооп ала албадык. Ошон үчүн комиссия өз миссиясын аткарды дегенге ооз барбайт”.

Депутат Марлен Маматалиев менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов. Сүрөт курулушту текшерүү учурунда тартылган.
Депутат Марлен Маматалиев менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов. Сүрөт курулушту текшерүү учурунда тартылган.


Эки депутат курулуштардын сапатына байланыштуу маселе дагы көп көтөрүлө турганын эскертүүдө.

Депутаттарга жооп. Кооптонууга негиз барбы?


Мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуп Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов иштеген. Комиссиянын тыянагы, жыйынтыгы ачык булактарга жарыялана элек. Жыпаркуловдун орун басары Талантбек Иманакун уулу депутаттардын айткандары тастыкталбады, анткени курулуштун сапаты боюнча жыйынтыкты тиешелүү адистер гана чыгара алат дейт.

Talantbek Imanakyn uulu
Talantbek Imanakyn uulu

“Жөн эле көрүп койду дегенден алыс болуш үчүн комиссиянын тандоосуна курулуш жүрүп жаткан жерлердин даректерин бергенбиз. Сапаттуулугу боюнча ченемде кандай көрсөтүлсө, курулуш ошондой жүрүп атат. Медер мырзанын айтканына токтоло турган болсок, ар тармакка баа берүү үчүн тиешелүү мекемелер бар. Курулуп жаткан объектинин сапатына институт гана корутунду бере алат. Ошол гана далил болуп эсептелет. Күмөн саноо болушу мүмкүн. Бирок колунда корутунду жок туруп так айтыш оор да. Алар күмөн санаган курулуштарды текшергенге даярбыз”, - деди Талантбек Иманакун уулу.

Иманакун уулунун айтымында, быйыл февралда 50 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы жер титирөөдөн кийин курулушка болгон көзөмөл күчөдү. Жыл башынан бери курулуш компанияларга 711 эскертүү берилип, 649 протокол түзүлгөн. Ошондой эле өлкө боюнча 25 млн 600 миң сом айып салынган. Былтыркы айып пул 12 млн сомго чамалаганын эске алганда, быйылкы сумма текшерүүлөрдүн күчөгөнүнөн кабар берет дейт Иманакун уулу.


2016-2022-жылдар аралыгында Бишкекте 36 объект мыйзамсыз курулган деп табылган. Алардын айрымдарынын сапаты начар болсо, көпчүлүгүнүн документтеринде маселе бар деп аныкталган. Бирок ошого карабастан мындай турак-жайларга тургундар жайгашып алган учурлар арбын. Ошондон коммуникациядан чоң көйгөй жаралып, жылытуу системасы, электр энергиясы, суу сыяктуу маселелер чечилбей жүрөт.

Акыркы жылдары Кыргызстандын баш калаасында курулуш дүркүрөп өсүп, батир баалары асман чапчыды. Учурда Бишкекте Түштүк магистралдын жогору тарабы кабат-кабат үйлөргө толду.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбеков курулуштар менен чогуу аларды текшерип, көзөмөлдөй турган кызматкерлердин саны да өсүшү керек деп эсептейт:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

“Эң башкысы, конструкцияларды ширетүүгө көңүл бурулуп, андан кийин гана бетон куюлушу керек. Эми ойлоп көргүлө. Бир үйдү эле текшериш үчүн канча күч керек. Менин билишимче, Мамлекеттик курулуш агенттигинин текшерүүчү жагында 12 эле киши иштейт. Алардын жарымы кагаздар менен жүрүшөт. Курулушка баргандар кимдер? Кимиси көзөмөл кылып, кимиси кол коюп атат? Ошон үчүн агенттиктин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиш керек”.

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча 314 турак-үй салынып жатса, 197си Бишкек, 84ү Ош шаарына туура келет. Калгандары Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жайгашкан. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, сейсмикалык кооптуу аймакка кирет. Мисалы, Бишкектин жогору жагынан Ысык-Ата жаракасы өтөт. Ушундай улам жарандарда жер титирөөгө байланыштуу кооптонуу бар.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG