Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Алматыда 30дай киши камактагы активисттерди бошотууну талап кылды


Прокуратуранын имаратына активисттерди бошотуу талабы менен келгендер. 23-октябрь, 2023-жыл. Алматы.
Прокуратуранын имаратына активисттерди бошотуу талабы менен келгендер. 23-октябрь, 2023-жыл. Алматы.

Казакстандын Алматы шаарында 23-октябрда отуздай киши шаардык прокуратурага барып, өткөн жумада камалган жарандык активисттерди бошотууга чакырышты. Чогулгандардын айтымында, активисттер эч негизсиз эле кармалып, камалган.

25-октябрда күтүлүп жаткан митингдердин алдында Алматы, Астана жана башка шаарларда бир катар жарандык активисттер кармалган. 20-октябрда Алматынын административдик соту Бесжан Толеубек уулун, Марат Мусинде 15 суткага, ал эми Орол шаардык соту активист Маруа Ескендированы 10 суткага камоо чечимин чыгарган.

Жалпысынан 20-октябрга карата он бештей адам кармалган. Алардын көбүнө «мыйзамсыз митингдерге чакырган» же «уруксатсыз акцияларга катышкан» деген айып тагылган.

Чогулгандарга прокурордун жардамчысы чыгып, суроолоруна жооп берүүгө аракет кылды. Ал камалгандар өзүлөрү арыз жазыш керек экенин жана бул үчүн чечим чыгарган сотторго кайрылуу зарыл экенин айткан.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 25-октябрда өлкөнүн бардык аймактарында митингдер болорун жарыялаган. Ички иштер министрлиги бул күнү «экстремисттик кыймылдын» акцияларына жол берилбестигин билдирген.

2020-жылы кабыл алынган тынч жыйындар тууралуу мыйзамга ылайык, кандайдыр бир акция өткөрөрдүн алдында сөзсүз бийликке эскертип коюу керек.

Жергиликтүү бийлик акцияларды өткөрбөй, анын катышуучуларын кармап, камап же айып пул салган учурлар көп.

XS
SM
MD
LG