Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Балбай-Түп-Каракол жолун оңдоо долбоору даярдалып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда Балбай-Түп-Каракол жолун оңдоо маселеси каралып жатат. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, баштапкы маалыматка ылайык, экинчи категориядагы жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 29,8 чакырымды түзөт. Жолдун четине атайын велосипед менен жүрүүчү тилке дагы салынышы керек.

Азырынча аны оңдоого канча каражат сарпталары, кайдан бөлүнөрү тактала элек.

Бул каттам аркылуу бир күндө тогуз миңдей машина каттайт. Буга чейин жолдун сапатына, абалына байланыштуу нааразылык айтылып келген. Кышында муз тоңуп, тар болуп, кырсыктар көп катталып жаткан.

Жолдун долбоордук сметасын "Кыргызжолунаадолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту түзүп чыгат.

Учурда көлдүн тескейиндеги Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолун куруу иши жүрүп жатат. Анын 25 чакырымына асфальт төшөлгөн. Жолдун жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулуп жатканы маалымдалган.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1-1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат. (AKa)

XS
SM
MD
LG