Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Орус армиясы Украинанын аймагын "Шахеддер" менен аткылады


Орусиянын армиясынын соккусунан талкаланган имараттын жанында турган жоокер. Авдеевка, Донецк облусу, Украина. 17-октябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясынын соккусунан талкаланган имараттын жанында турган жоокер. Авдеевка, Донецк облусу, Украина. 17-октябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 23-октябрдын таңында Украинанын бир катар калктуу конуштарын учкучсуз аппараттар жана ракеталар менен аткылоону улантты. Украинанын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Донецк, Херсон, Сумы жана Одесса облустары чабуулдун жаңы толкунуна дуушар болушту.

Донецкиде жарандык объект жабыркап, өрт тутанганын ички иштер министри Игорь Клименко Телеграм аркылуу билдирди. Ал ошондой эле Херсон жана Берислав шаарларына 14 ракета атылганын, натыйжада бир жаран жараат алганын кошумчалады.

Одесса портун бутага алган тогуз дрон атып түшүрүлгөнүн, алардын биринин сыныгы кампага тийип, өрт тутанганын армия өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка караганда, “Шахеддер” менен жасалган чабуул 3,5 саат бою тынымсыз уланган.

Соңку бир суткада Донецкиде үч карапайым тургундун өмүрү кыйылганын облус губернатору Игорь Мороз билдирди. 22-октябрда Харьковдогу почтанын имаратына урулган ракеталык сокку алты адамдын өмүрүн алып, 20 чактысын жарадар кылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG