Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

УТРК: Бажы кызматынан бюджетке 70 млрд сомго жакын акча түшпөй калган


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

2016-2019-жылдары Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө бекетинен кирген жүктөн жалпы суммасы 18 млрд 973 млн сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Ошол кезде кыргыз бажысында иштеген кызматкерлер коррупциялык схема аркылуу Эркечтам - Кызыл-Бел, Эркечтам - Достук жана Эркечтам - Карамык багытында жүк ташууда миллиарддаган сом бажы төлөмдөрүн кымырып турушкан.

Бул тууралуу Аткезчиликке каршы күрөш кызматынын маалыматына таянып, Улуттук телерадиокомпания (УТРК) кабарлады. Маалыматка ылайык, жалпысынан Кытайдан импорттолгон товардан алынчу бажы төлөмдөрүнөн 57,5 млрд сом өлкө бюджетине түшкөн эмес.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тарта бажы төлөмдөрү кескин көбөйгөн. 2020-жылы 28 млрд сом түшсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 74,3 млрд сомго өскөн. Быйыл тогуз айда эле бажы төлөмдөрүнөн 79 млрд сом түшсө, жыл аягына чейин 103 млрд сомго жетет деген божомол бар.

Маалыматта айтылгандай, "акыркы жылдары Бажы тармагынан жалпы 70 млрд сом мамлекеттик казынага түшпөй, коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткен".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 18-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын элүүдөй кызматкери кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жана көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгону үчүн кызматынан бошотулганын билдирген.

"Азаттыктын" 2019-2020-жылдардагы иликтөөлөрүндө Матраимовдун кылмыштуу схемалары аркылуу миллиарддаган сом башка өлкөлөргө чыгып кеткени аныкталган. Матраимов түзгөн аткезчилик схеманын бетин ачууга көмөктөшкөн Айеркен Саймаити кийин Түркияда киши колдуу болгон.

2021-жылы УКМК Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. (ZKo)


XS
SM
MD
LG