Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

АКШ Кытайдын үч компаниясына санкция cалды


Пакистандын жоокерлери аскердик парадда. Архивдик сүрөт.
Пакистандын жоокерлери аскердик парадда. Архивдик сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары “массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга тиешеси бар” деген негиз менен Кытайдын үч компаниясына санкция салды. Бул тууралуу 20-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, Кытайда жайгашкан General Technology Limited, Beijing Luo Luo Technology Development жана Changzhou Utek Composite ишканалары Пакистанга ракетанын жабдыктарын жеткирип турган.

“Америка Кошмо Штаттары массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына, аларды жеткирүү каражаттарына жана алар менен байланышкан сатып алууларга каршылык көрсөтүүнү улантат”, - деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматында.

Жакында эле АКШ Тегерандын баллистикалык ракеталарды жана учкучсуз учактарды жасоосуна байланыштуу Иран, Кытай, Гонконг жана Венесуэлада жайгашкан ишканаларга, жеке адамдарга санкция салган. (BTo)

XS
SM
MD
LG