Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Өзбекстан Орусияга мигранттардын балдары үчүн жеке мектептерди жана бала бакчаларды ачууну сунуштады


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Расмий Ташкент орус бийлигине эмгек мигранттардын балдары үчүн өзбек диаспоранын эсебинен жеке бала бакчаларды жана мектептерди ачууну сунуштады.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Кахрамон Куранбаевге таянып жазды.

Бул мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү орус мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрү боолголонууда.

Куранбаев белгилегендей, Ташкенттин суранычы эмгек мигранттары балдарын мектепке бере албай, кыйналып жаткандыгына байланыштуу.

Буга чейин Орусияда эмгек миграциясында жүргөн айрым кыргызстандык үй-бүлөлөр балдарын мектепке киргизүүдөн кыйналып жатышканын билдиришкен. Сентябрдан бери убара тарткан ата-энелер айрым мектептерден "орун жок" деген жооп угушкан.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ушундай көйгөй менен кайрылгандар бар экенин, бирок баланы мектепке киргизүү үчүн эртерээк аракет кылуу зарылдыгын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG