Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

"Социалдык келишимдин" суммасын 200 миң сомго көтөрүү каралууда


"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат.
"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат.

Өкмөт менен "Социалдык келишим" түзгөн үй-бүлөлөргө 2023-жылы 1 млрд сом бөлүнгөн. Келерки жылы анын суммасын эки эсеге - 2,1 млрд сомго көбөйтүү караштырылууда.

Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" депутаттык тобунун келерки жылдын
бюджетин талкуулаган отурумунда билдирди.

Бакетаевдин сөзүнө караганда, өкмөт менен келишим түзгөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолу берилүүчү 100 миң сомдук кайтарымсыз акчанын көлөмүн эки эсе көбөйтүү тууралуу парламент депутаттарынын буга чейин берген сунушу каралып жатат. Маселени банктар аркылуу чечүү жагы сүйлөшүлүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги июль айында жалпысынан 13 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилгенин билдирген.

"Социалдык келишим" түзгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү (95%) - аялдар. Соңку 1,5 жылдын ичинде 26 миңден көп жумушчу орун түзүлдү.

"Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып жатат.

Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

Долбоордун катышуучусу "үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай бою жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сомдук сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алуу үчүн өтүнмө берүүгө укуктуу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG