Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Израил армиясы Газанын түштүгүнө сокку урду


Газанын Хан-Юнис шаарына жасалган Израил армиясынын аба соккусунан жаракат алган кызын көтөрүп бараткан ата. 14-октябрь, 2023-жыл.
Газанын Хан-Юнис шаарына жасалган Израил армиясынын аба соккусунан жаракат алган кызын көтөрүп бараткан ата. 14-октябрь, 2023-жыл.

Израил армиясы 20-октябрда Газа тилкесин бомбалоону улантты. Аба соккулар негизинен аман калуунун айласын көрүп, түндүктөн агылган жүз миңдеген палестиндер баш калкалап жаткан түштүктөгү Хан-Юнис шаарына урулду.

Израил армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобуна тиешеси бар 100дөй обьектти бутага алганын билдирди.

Ошол эле маалда Израил армиясы Ливан чек арасына жакын жайгашкан ири Кирьят-Шмон шаарынын тургундарын жапырт эвакуациялоону баштады. Байкоочулардын эсебинде, бул жакын арада ЦАХАЛ жердеги операцияларын баштайт дегендин белгиси.

Израилдин коргоо министри Йоав Галанат аскерлерди «даярдыкта турууга» чакырды.

«Газага азыр алыстан байкоо салып жаткандар, эми ичинен көрөт. Мен сөз берем»-деди Галант. Азырынча жердеги операция качан башталары так белгисиз. Ага он миңдеген аскер, танктар, артиллерия жана авиация тартылары кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 19-октябрда Газа тилкесинин жанына топтолгон аскерлер менен жолугуп, «Жоокерлер менен. Даярбыз» деген жазуусу бар сүрөттү X социалдык түйүнүнө жарыялады.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 миң 400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк киши бар экени белгисиз.

Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат.

ХАМАС башкарган сектордун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, жарадарлардын саны 12 миңдей экенин билдирди. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты бышыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG